Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Социалдык кызматкерлер кыргызстандык жетим балдарды АКШга сатышканбы? (видео)

Жашыруун камера чет өлкөлүк агенттиктин бала кылып алуунун мыйзамсыз жолун толугу менен айтып берип жатканын тартып алган

Кыргызстандын эмгек Министрлигинин жана социалдык өнүктүрүү кызматкерлери АКШ жарандарына жетим балдарды саткандыгы тууралуу күмөн бар. Соцкоргоо адиси Зергүл Жээнбаева менен «буйрутма ээсинин» маегинин видеосу соцтармактарда пайда болду.

Жарыя болгон тасманы жашыруун камера менен тартып алышкан. Маекке өздүгү такталбаган аял катышат, такталбаган маалымат боюнча, «Бүт дүйнөлүк Америкалык бала кылып алуу Бирикмесинин» өкүлү Галия экен.

Маектешүүдө Галия Жээнбаевага балдарды кандай жол менен каттатып алууну түшүндүрөт жана ага сыйлык берүүнү убада кылат.

- Сизде балап кылып алууга боло турган балдардын тизмеси бар да. Сиз бул маалыматты соцөнүктүрүү Министрлигине жөнөтөсүз, а биз болсо ал жакка америкалык документтерди жөнөтөбүз. Анан алчу үй бүлө бала же кыз керек экендиги тууралуу жазат. Андан соң министрлик аларга туура келчү балдар бар экендиги тууралуу маалыматты берет. Алар бул жакка келишет да, он күн бала менен убакыт өткөрүшөт. Андан кийин ата энелери тил табышты, макулдук беребиз, америкалыктар бала кылып ала берсин дейт, - деп түшүндүрдү Галия.



Vesti.kg сайты бул тууралуу комментарий үчүн эмгек жана соцңнүктүрүү Министрлигине кайрылганда, алар бул видео эски деп жооп беришти.  

- Азыр бул факт боюнча териштирүү жүрүп жатат. Азыр белгилүү болгон видео болжол менен эки жыл мурун тартылган. Кийинчерээк толук маалымат беребиз, - деп жооп беришти мекемедегилер.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх