Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын бир фильми «Оскар» үчүн күрөшөт

Картинанын Голливудда көрсөтүлөөрүн эртең кинемотографисттер уюму чечет

«Оскар» сыйлыгын алуу үчүн күрөшкө катышуу талабына Кыргызстан бир гана фильмди берди. Бул тууралуу  Vesti.kg  сайтына КР кинемотографисттер уюмунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев билдирди.

- Оскар комитетине режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» деген фильми сунушталды, - деп тактады ал. - Эртеге комитет фильмди көрүп чечим чыгарат, «Оскар» үчүн күрөшө алабы же жокпу чечишет. Кыргызстандан «Чет тилдеги мыкты фильм» категориясына тасма берилет.

Белгилей кетсек, 2018-жылда кинемотография жаатындагы жетишкендиктерүчүн «Оскар» сыйлыгын тапшыруу 2019-жылы «Долби» голливуддук театрында болот.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх