Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Үй сатылат» тасмасы 23-марттан тартып кинотеатрларда тартууланат

Аталган фильм 2022-жылы Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн

2023-жылдын 23-мартынан тартып Таалайбек Кулмендеевдин "Үй сатылат" тасмасы баардык кинотеатрларда тартууланат. Тасма Т. Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын базасында жана "Shaboto film group" студиясы менен бирге ишке ашырылган.

Тасмада Өмүрбек Нурдинов, Калипа Таштанова жана маркум актёр Азиз Мурадилаев башкы ролду жараткан. Аталган фильмдеги ролу — Мурадиллаев жараткан акыркы роль болуп калды.

Тасманын дүйнөлүк бетачары Бусан Эл аралык фестивалында өтүп, Лос Анджелестеги Азиянын Дүйнөлүк фестивалында, Бурсадагы Түрк дүйнөсүнүн Коркут Ата, ошондой эле Дакка, Калькутта, Мумбай Эл аралык фестивалдарына катышкан.

Тасма 2022 жылы Кыргызстандын атынан Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал эми каармандардын бири Калипа Таштанова «Коркут Ата» фестивалында «Эң мыкты актриса» наамын алган.

Тасманын сценарийин Болсунбек Таалайбек уулу менен Таалайбек Кулмендеев жазган. Режиссерлук жумушту Таалайбек Кулмендеев аркаласа, оператору Болсунбек Таалайбек уулу. Ал эми башкы сүрөтчүсү Байыш Исманов, композитору Мурзали Жеенбаев , монтаждаган жана түсүн боёгон Элдияр Мадаким, үн режиссеру Калыбек Шерниязов.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх