Казакстандагы кыргыз ишкер: Казактар бизге туугандай эле карашат (видео)
Ишкер ири айыл чарба ишканасын жетектейт
Актөбө шаарында жашаган 50 жаштагы ишкер Жумгалбек Сыдыков өзү жетектеген ишканада жергиликтүү эл менен катар кыргыз мигранттарына дагы жумуш орундарын түзүп келет. Ал Vest.kg маалымат агенттигинин кабарчысына ийгилик сырлары жана мигранттардын маселелери тууралуу айтып берди.
Сөзүбүз башынан болсун, Казакстанга кантип келип калдыңыз?
Студенттик кезде Ысык Көл, Нарын, Ош жана Жалал Абаддык төрт бала бирге окуп, дос болуп, бир бөлмөдө жашап калдык. Окууну аяктагандан кийин үчөө Казакстанга кетип, мени сен дагы кел, чогуу иштейли, бири бирибизге жардам берели деп чакырышты. Ошентип 2001-жылдын декарбь айында Казакстанга келдим.
Чоң ишкердикке чыйыр эмнеден башталды эле?
Мен келгенде досторум казак өнөктөштөр менен биргеликте ишкана ачкан. Алгач ар кандай турмушта керектөөчү товарларды саттык. Пайда тапкан, сызга отурган күндөр болду. Ошондо өндүрүш ишканасын ачууну караштырдык. Кредит алып чакан шарап өндүрүүчү цех ачтып. Продукциябызды сатуу үчүн Казакстандын региондорунда филиалдарды түптөдүк. Кыргызстандан балдарды алып келип, өндүрүштү үйрөтүп, аларды филиалдардын жетекчилигине койдук. Ошентип жапа тырмак эмгегибиз менен ишканабыз өнүгүп кетти. Кийин үч досум Кыргызстанга кайтып, ал жакта ишканаларды ачып, учурда ийгиликтүү иштеп жатышат.
Жергиликтүү калкка эле эмес жүздөгөн кыргыз мигранттарына да жумуш орундарын түзгөнүңөр айтылып жүрөт. Ошол чынбы?
Филиал жетекчилери ишкананы өнүктүрүү үчүн мыкты кадрларды тартып, алардын арасында кыргызстандык кыз-жигиттер да бар эле. Кол алдыбызда жүздөгөн мекендешибиз иштеп кетти.
Учурда иштегендер барбы?
Ооба, азыр дагы иштегендер көп. Убагында филиалдарды жетектеген кыргыз жигиттердин көпчүлүгү бутуна турду. Казакстанда жеке ишканаларын ачып иштеп жаткандар арбын. Бир топ балдар бул жактан тапкан каражатына Кыргызстанда айыл чарба, кызмат көрсөтүү индустриясы, курулуш жана башка тармактарда иштеп жатат.
Демек аларга устаттык кылып, ишкерликтин сырларын үйрөткөн экенсиздер да.
Балдар менеджмент, маркетинг, эсеп жүргүзүү жана башкаларды үйрөндү. Максатыбыз эсепти туура жолго коюу эле. Анткени эсеп болбосо эмне келип, эмне кетип, канча пайда түшүп жатканын байкоо кыйын. Пайда алып келбеген ишти улантуунун кереги жок. Кол алдыбызда иштеп кеткен балдар учурда жогорку даражадагы башкаруучулар деп так кесе айта алам. Аларга кандай тапшырба бербе, барын алып кетет.
Казакстанда мигранттар кандай маселелерге туш болушат?
Кыргызстан Бажы биримдигине кире электе жашап турууга уруксат алуу негизги маселе болчу. Ансыз жумушка кирүүгө мүмкүн эмес эле. Аталган уюмга мүчө болгондон бери бул маселе чечилди десе болот. Азыр тийиштүү мамлекеттик мекемелерде каттоодон өтүп, иштей бересиң. Мындан тышкары мигрант бөтөн эл, бөтөн жердин салтын, жашоо эрежелерин билүүсү шарт. Эки элдин тилинин окшоштугу кыргыз мигранттарынын жашоосун жеңилдеткени менен казак тилин үйрөнүү керек. Анткени айрым региондордо элдер бир гана казак тилинде сүйлөшөт. 4-5 киши чогулуп батир ижарага алышат. Москвадагыдай бир үйдө 10-15 адам жашайт деген жок.
Айлык акы Кыргызстанга салыштырмалуу жогору болсо керек?
Бардык жердегидей эле бул жакта дагы жакшы айлык берели деп күткөн эч ким жок. Бардыгы кичинекей айлыктан башталат эмеспи. Бирок ошол айлыкты да чогулта белүү маанилүү.
Акча чогултуу баарынан эле колунан келе бербесе керек. Канткенде акча топтоого болот?
Балдардан алган айлыгыңдын барын айылга салсаң, бул жакка эмнеге келдиң деп сурачумун. Келгенде алдыңа 3-4 жылда үйгө мынча акча менен барам деген максат кой. 200 доллар айлык алсаң, анын 50 долларын айылга жөнөт, 50 долларына өзүң жашап, калганын чогулт. Айылда деле аз акчага күн өткөрүп жатышпайбы.
Дегеле чет элге барам деген кыргыздарга кандай кеңеш берет элеңиз?
Бара турган жерди тааныштар аркылуу тактоо керек. Билбесең Кыргызстандагы жооптуу мамлекеттик мекемелерге барып, кеңеш алыш керек. Кеттик десе эле кете берген айрым мигранттар алданып кулчулуктун курмандыгы болуп калышы ыктымал. Ал эми биз жумушка чакырарда, керектүү документтердин тизмесин жиберип, бардык жол жобону түшүндүрөбүз.
Кыргызстанда ишкана ачып, өлкөбүздүн экономикасына салым кошуу оюңузда барбы?
Түздөн түз салым кошпосом дагы бул жакта иштеп кеткен инилериме Кыргызстанда ишкана курууга жардам берип келем. Асыл тукум мал өстүрүү жаатында биздин ишкерлерге кеп-кеңешимди берип турам. Аларды алып келип, мал чарбачылык кылуунун жолдорун көрсөтүп турабыз. Өзүбүз дагы алардан көп нерсени үйрөнөбүз. Мигранттарга жумуш берүү да Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымым деп билем. Анткени алардын Кыргызстанга жөнөткөн акчасы дагы инвестиция деп ойлойм.
Көп жылдардан бери Актөбөдө өлкөнүн ири мал чарба ишканасын жетектейт экенсиз. Жумушуңуз кандай?
Асыл тукум мал багабыз. 12 миң баш мал бар. Эт комбинатын иштетебиз. Эки жарым миң адамга жумуш беребиз. Иш көп, малдын санын 60 миңге жеткирип, экспортко жылына 20 миң тонна эт тапшырууну максаттап жатабыз.
Жергиликтүү калктын кыргыздарга көз карашы кандай?
Бул мактаган эмес, негизи Казакстанда бизге туугандай эле карашат. Кыргыз-казак бир тууган, «баурым» деп эле турушат. Өзүң жакшы жүрсөң эле сага эч ким тийишпейт.
Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?
Адептүүлүк жана ак ниет менен эмгектенүү. Көп нерсени элден эмес, өзүңдөн талап кылуу керек. Жашоодо болгон бардык жагдайга адам өзү себепкер эмеспи. Жашоонун архитектору адам өзү. Кең пейилдик дагы маанилүү, болгон билимиң жана тажрыйбаң менен бөлүшүү керек.
Алия Самидин
Фото Vesti.kg
Бул публикация «Мигранттарды маалыматтык, укуктук жана алардын укуктарын коргоодо комплекстүү өнүгүү» долбоорунун алкагында АА «Карылардын ресурстук борборунан» чыгарылды.