Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адам укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк декларациянын 70 жылдыгы 10-декабрда белгиленет

Бүгүн 1-октябрда адам укуктарын коргоо боюнча декларациянын 70 жылдыгына арналган иш-чаралардын 70 күндүгү башталды

Буга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги үйүндө атайын тегерек стол уюштурулуп, ага Бириккен Улуттур Уюмунун курамындагы бардык багыттардын жетекчилери катышты. БУУнун системасына кирген бардык тармактардан Кыргызстанда Адам укугу боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын аймактык өкүлү Ришард Коменда, бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкө боюнча директору Андреа Баньоли, БУУнун аялдар маселелери боюнча өкүлү Геральд Гюнтер, Азык-түлүк жана айыл-чарба боюнча өкүлү Доржи Кинлай, ЮНИСЕФ балдар фондунун өкүлү Юкиэ Мокуо айым, Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстан боюнча улуттук координатору Болот Ороков мырзалар чакырылган.

БУУ системасынын туруктуу координатору, БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело мырза 70 жыл мурун дүйнө кабыл алган адам укугу бүгүнкүгө чейин маанилүүболуп саналаарын айтты.

БУУнун Юнисеф балдар фондунун өкүлү Юкиэ Мокуо айым Кыргызстанда жашаган элдин 2 миллиондон ашыгы бул балдар экенин айтып,бардык балдар бирдей укукка ээ болгону менен тилекке каршы, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес деди.

“Кыргызстанда адам укугу жетиштүү деңгээлде корголуп жатабы?”-деген журналисттердин суроосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы адам укуктары боюнча координациялык кеңештин төрагасынын орун басары Данияр Эркимбаев “Бул маселе боюнча сот тармагы өз ишин аткарып жатат.Ал системага кийлигише албайбыз.Бала укугу жетиштүү деңгээлде корголуп жатат деп мен айта албайм. Тилекке каршы...”-деп жооп берди.

Адам укугу боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын аймактык өкүлү Ришард Коменда декларациянын пайда болушуна батыш өлкөлөрү менен катар Кытай, Австралия,Советтер Союзунан,Чили, Франция,Улуу Британия жана Канададан да өкүлдөр себепчи болгонун айтты.

1948-жылы адам укугу боюнча бүткүл дүйнөлүк декларация кабыл алынып, ушул 70 жылдан бери адам укугун коргоо күнү жыл сайын 10-декабрда белгиленип келет. Быйылкы 70 жылдык юбилейге карата Бириккен Улуттар Уюму чоң иш-чараларды өткөрүүнү туптуура бир жыл мурун пландаган. 2018-жылдын сентябрь айынан 10-декабрга чейин “Адам сатууга каршы 100 күн” аттуу маалыматтык кампания жүрүүдө. Андан сырткары “Эркиндик үчүн 50” жана "Жаштар үчүн коопсуз жумуш” аталышындагы долбоорлор иштеп жатат. Октябрь айынын башында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн адам укуктары боюнча атайын тренингдер өткөрүлөт. 11-12-октябрь күндөрү кыздар майрамы белгиленмекчи. 16-октябрь күнү бүткүл дүйнөлүк “ден-соолукка пайда алып келчү азыктар менен тамактануу” күнү белгиленет. Бул иш-чараларды өткөрүүнүн максаты тамактанууга болгон укук адам укугунун негизгиси болуп саналаарын эскертүү. Ноябрь айында адам укуктарына байланышкан даректүү фильмдер көрсөтүлмөкчү. 20-ноябрь күнү Эл Аралык наристе күнүнө байланышкан иш-чаралар өтөт. Аялдарга көрсөтүлгөн зомбулукка каршы күрөшүүнүн 16 күндүгү башталмакчы. Жыл сайын 1-декабрда бүткүл дүйнө жүзү СПИДке каршы күрөшүү күнүн белгилейт. Кыргызстанда да бул күнү көптөгөн иш-чаралар болуп өтөт дейт уюштуруучулар.

Акылай Рахматулла
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх