Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жаңы телерадиоуюмдар ассоциациясы түзүлдү

Бүгүн 2-октябрда Кыргыз Республикасынын маданият,маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жаңы түзүлгөн Телерадиоуюмдар ассоциациясы менен кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюшту

Жаңы түзүлгөн Телерадиоуюмдар ассоциациясы терадиоиндустрия рыногунун абалын изилдеп талдайт, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн сунуштамаларды иштеп чыгат.Учурда ассоциациянын курамына бир нече ири телеканалдар кирген. Телерадиоуюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору болуп белгилүү медиаэксперт жана тажрыйбалуу журналист Авланбек Жумабаев шайланган.
 

Кабар маалымат агенттигинде болгон пресс-конференцияда Маданият,маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Кыргызстан санариптик берүүгө өткөндөн бери жаңы мыйзам иштеп жатканын айтып, ага ылайык 50пайыздан кем эмес телекөрсөтүүлөр мамлекеттик тилде көрсөтүлүшү шарт деди. Ошондой эле, 50 пайыздан кем эмес контент ата-мекендик продукция болушу зарыл.

Маданият,маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын айтымында бүгүнкү күндө 553 уюмга эфирге чыгууга уруксат берилген.

Кызматташып иштөө боюнча коюлган келишимдин максаты Тв жана радиолордун жогорку сапаттагы ата-мекендик контентин өндүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүүнүн, теле жана радиоберүүлөрдүн ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам базасын жакшыртуунун үстүндө биргелешип иштөө болуп саналат. Телерадиоуюмдар ассоциациясы Акыйкат министрлигинен каттоодон өткөн. Иштеп жаткан мыйзамды бузган телеканалдар же радиостанциялар бир жолку эскертүү алгандан кийин лицензиядан ажыратыла тургандыгы айтылды.

Акылай Рахматулла

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх