Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ОРРО директорун коррупцияга айыптап жатышат. Ал өзү тууралуу арыздарды сандырак дейт

Мурунку кызматкерлердин сөзүнө караганда, Каныбек Эргешов эмгек сиңирген машыктыруучуларды иштен бошотуп, 50 ашуун студенттерди окуудан айдап жана ар бир студенттен 10 миң сомдон чогултат

Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги Республикалык окуу жайынын (ОРРО) мурдагы кызматкерлери окуу жайдан директору Каныбек эргешовду сотко беришти. Мурдагы беш машыктыруучу мектептеги коррупция тууралуу айтышат.

Бул тууралуу митинг бүгүн М.Горький аянтында болуп өттү.

«Биз күрөшчүлөрдү 20 жылдан бери машыктырып келе жатабыз, дейт ОРРОнун мурдагы машыктыруучусу Рапилбек Асилбеков. - Жаңы директор баарын бузду. Ал мага жана башка машыктыруучуларга башка жумуштарды сунуштады - Бажы кызматынан, №5 мектептин директорлугун. Бизди өз мезгилиңерде иштедиңер, эми болду кылгыла деди. Андан соң ал окутуучу - машыктыруучу курамга аттестация өткөрдү. Жыйынтыгын бизге угузбай эле бешөөбүздү иштен кетирип, өтпөй калдыңар деп койду.

Арабызда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу да бар болчу».

Тазало бир эле мугалимдерди эмес, 50 студентти да жандап өткөн жок, алар 5 мүнөт кечиккендиги үчүн айдалышты окуудан.

«Бизде күндүн жадыбалы боло турган. Биз студенттерге эртең менен саат 7 де турганга уруксат берчүбүз, анткени бардык оордуктун бардыгы кечкурункуга туш келип калчу, - дейт Асылбеков.  - Директор келип эле эртең менен 6 да тургузуп баштады. Ал эми 5 мүнөт кечиккендерди окуудан чыгарып баштады. Алардын ордуна башкалары келишти. Алардын физикалык жактан даярдыктары алда канча аз болчу».

Эргешовго карата үчүнчү доомат - бул ата энелерден 10 миң сомдон топтоо. Митингге чыккандардын айтымында, мындай сумманы директор дайындаган. Чогулган акча кайда кетээрин эч ким билбестигин айтышат.

ОРРО жетекчиси Каныбек Эргешов болсо өзүнө карата болгон айыптоону сандырак дейт. Ал  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ал кесипкөйлөрдү иштен бошотту дегенге караманча каршы чыкты:

- Окутуучулардын курамына 5 жылда бир жолу аттестация кылынат, - деп белгиледи директор. - Мен келген убакта 2018-жылдын январь айында  алтургай 7-8 жыл болуп кеткен экен. Ошондуктан биз Мамлекеттик агенттиктин жаштар, дене тарбия жана спорт, өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия түздүк. Машыктыруучулардын колдоруна тесттерди бердик, алардын практикалык жана теориялык кесиптик билимдерин текшердик. Ошондой эле алардын психилигиялык жана медициналык көрсңткүчтөрүн да билгибиз келди. Аттестациядан 8 киши өтпөй калды. Бирок аларды иштен дароо бошотуп жиберген жок, - деп дктайт Эргешов. - үчөөнө квалификациясын жогорулатууну, бешөөнө тарбиячылыкты сунуштадык. Бирок алар баш тартып коюшту.

- Алардын бирөө 80 жашка чыкты, - деп таң калат ОРРОнун директору.  - Кантип ал студенттерге ыкмаларды, алганды үйрөтө алат? Белин ийип көпүрөгө турат, биз аны кайра көтөрүп албайбыз. Тарбиячы болуп иштесин, жаштарга бир нерселерди айтып берсин.

50 студенттин окуудан айдалганын да калп деди. Эргешов алардынкөпчүлүгү мектеп окуучулары дейт. Алардын сабакка көп жолу келбегендиги буга себеп болгон.

- Ал эми төлөм тууралуу айтсак, менин ага эч кандай тийешем жок, - деп кошучалады ал. - Аларды ата энелер комитети топтойт, мен анын канча экендигин да билбейм. Мени менен бир нерсе сатып алаарда гана кеңешип калышат. Мен бул акча каражатына кошумча орус, англис тилдерин окутууга жана тамактандырууну жакшыртуу үчүн ашпозчу издешкендерин жана башка майда барат нерселерге жумшашаарын билем.

Каныбек Эргешов мурунку кызматкерлердин арызынын айынан текшерүүчү келди дейт.

- Прокуратурадан 4 жолу келишти, анан Мамлекетик экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынан, УКМКдан, акимчиликтен жана жаштар боюнча агентстводон келишти, - деп эсептейт ал. - Бирок мыйзамсыз эч нерсе таба алышкан жок.

Азыр ишти Свердлов райондук соту карап жатат. Омбудсмен институтунун өкүлү салтанат Касымбекова иштин жүрүшүнө көз салып турат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх