Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кимде ким «парковка» курса, ал көп акча табат. Ал эми, гүлбакча деген жөн эле эс ала турган жер да»

Депутат өрттөнүп кеткен Башпрокуратуранын имараты турган жерге гүлбакча куруу чечимин жокко чыгарууну талап кылат. Аны сындап чыгышты

Бишкек мэриясы күйгөн Башпрокуратуранын имаратынын ордуна гүлбакча курууну чечип туура кылды дейт укук коргоочу Калича Өмүралиева .

- Бишкекте көгөргөн бак-дарактын баарын жок кылышты, эми гүлбакча куруу керек, - дейт ал. - Парковка куруу деле жакшы дегилечи, бирок ага көп чыгым кетет. Андай болсо инвестор издеп табууга туура келет. Анын үстүнө жер астына машина токтотуучу жайды аныктап коюшту. Менимче кафе, ресторандарга баары бир ал жерге эмне курулса. Келе турган адамдардын агымына бул эч кандай таасирин тийгизбейт. Акылбек Жамангулов ким тарабында экендигин аныктап, өзүнө өзү суроо берип көрсүн. Ким парковка курса көп акча табат, Ал эми гүлбакча деген пайда алып келбейт да.

Түшүндүрө кетели, бүгүн парламенттин пленардык жыйынында депутат Акылбек Жамангулов Бишкек мэриясынан күйгөн Башпрокуратуранын имаратынын ордуна гүлбакча курбоону талап кылды. Анын сөзү боюнча, ал жердин айланасында жайгашкан кафе, ресторандарга гүлбакча жолтоо болот экен.

«Бишкекте машинаны коёрго жер таппай жатса, булар гүлбакча курат имиш. Андан көрө көп кабаттуу машина коюучу жай куруу керек. Мэриянын чечимин жокко чыгаруу керек» , - деп сүйлөгөн депутаттын  сөзүн ММК жазып чыгышты.


Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх