Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туугандары менен көрүшүп келгени кеткен памирлик кыргыздар Кыргызстанга кайтып келишпейт

Этникалык кыргыздар транзиттик виза алууда көйгөйгө кабылышты

Каникул убактысында туугандары менен учурашып келүүгө кетишкен памирлик кыргыздар дагы деле кайтып келише элек. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, этникалык кыргыздардын документ боюнча көйгөйлөрү жаралды.

- Бул жерде Нарында калган алардын туугандарынын айткандарына караганда, Кичи Памирге кеткендерге Тажикстан транзиттик виза бербей жатат, - деп билдиришти алар. - Жакында бул маселе чечилет, алар келишип, окууларын улантышат.

Белгилүү болгондой, Кичи Памирден алынып келинген кыргыздардын он сегизи жайкы каникулда туугандары менен көрүшүп келүү үчүн кетишкен. Ал топто 3 мектеп окуучусу, 7 атайын орто окуу жайдын студенти бар. Алар быйылкы окуу жылына келиши керек болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх