Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык бирөө Хабиб Нурмагомедовдун жеңишинен кийин чачынан ажырады (видео)

Ошентип, Конор Макгрегордун күйөрмандары анын артынан утула башташты

Бул жылдын көптөн күткөн Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун мушташы кыргызстандыктардын ортосунда да талаш-тартышка жол койду.

Спортчулардын күйөрмандары бир эле акча каражатын ортого сайышкан жок.

Жергиликтүү актер досу менен мелдеше кетип, өз чачынан айрылды. Мушташ аяктаган соң, анын досу чачын өз колу менен такырайта шыпырып алып салды.



Коңшу Казакстанда болгон мушташ да бир канча окуяларга негиз болуп берген эле. Тактап айтканда, Казакстандын белгилүү блогери, Yuframe командасынын мүчөсү Арман Юсупов чачын кызыл түскө кайра боёгон.

Мушташтан бир күн мурун блогерлер мелдешкенде тууралуу жазышкан. Эгерде Конор Макгрегор утса команданын катышуучусу Артур Аскарулы чачын жашылга боёмок.
Блогерлер өз убадаларына турушту. Армандын жаңы түскө боёлгон чачы тууралуу видео бир суткада миллион жолу каралган.



Эсиңиздерге салып коёюн, Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун мушташы кечээ болду.

Жеңишке төртүнчү раундда россиялык мушкер ээ болду. Ал артынан муунтуу ыкмасы аркылуу жеңишти камсыз кылды. Бирок комиссия Хабиб Нурмагомедовду дисквалификациялоо маселесин чечип жатат, анткени ал тосмодо секирип түшүп, өзүнүн рингдеги өнөктөшү болгон Конор Макгрегорго кол салган. Анын айынан массалык мушташ болгон.
 UFC  мушкерлеринин тарапташтарынын катышуусундагы башаламандык залдан сырткары жакта да уланып кетти. Тармактарда видеодон ирландиялык жана орусиялык күйөрмандардын мушташын көрүүгө болот.



Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх