Бүгүн Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун ишин карайт
Мамкаттоо Бишкектин мурдагы мэринин паспорту тууралуу арыз берди
Бишкектин Биринчи май райондук соту ордо калаанын экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун ишин карайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Белгилүү болгондой, жараян бүгүн саат 15:00 болот.
- Бүгүн МКК Кубанычбек Кулматовдун паспорту тууралуу доо арызы каралат, - деп билдирди юрист.
- Жараянга анын бардык жакындары жана туугандары келет. Алар мурда да отурумга келишкен.
Эске салсак, мурдагы шаар башчы Кубанычбек Кулматов жараксыз паспортту колдонуп чегарадан өткөндүгү үчүн айыпталууда, КР КК 346-берене (мамалекеттик чегараны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 350 беренеси ( мамлекеттик сыйлыктарды, документтерди, штамп, мөөрлөрдү жана бланктарды жасалма жасап жана колдонуу) менен айыпталууда.
Андан сырткары, ага 303-берене менен КР КК «Коррупция» беренеси менен айып тагылган.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www