Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сотто мамлекеттик алымдарга сыртынан тон бычылат

Мамлекетке 10 пайызын төлөп туруп мүлк талашканга болот, бирок акыр аягында ала албай да калышың мүмкүн

Ажырашкандан кийин мүлктү бөлүп алуу үчүн, доогер 10 пайыз өлчөмүндө соттук алым төлөшү керек. Бул акылга сыйбаган жорукка фейсбук колдонуучу Татьяна Макарова даттанат.

«Эми Кыргызстандагы чыныгы турмушка өтөлү да, туура түшүнөлү, анткени доогерлердин 99 пайызы аялдар, - деп жазат Татьяна.  - Көбүнчө балдары менен калышат, жашаганга каражаты да, мүлкү да жок. Болбосо «сот стистемасы» деп аталган бокко барып малынбайт эле алар. Ал мүлккө ээ болуу мүмкүнчүлүгү да өтө аз, мамлекет өнгөн каражаттан кичине бир бөлүгүн бербесе эле… Деги бир бул мамлекетте аялдардын укугу качандыр бир убакта корголобу?!».

Болбогон бир кеп сыяктуу сезилгени менен, биздин өлкөдө мүлктүк адилет сотундагы абал ушундай эле деп тактайт жактоочу Татьяна Карыжинская. Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде өлкөдөгү абал ушундай, бирок юристтер нааразы болгону менен колдорунан эч нерсе келбейт деп кошумчалады ал.

- Бул тууралуу сотто төлөнүүчү мамлекеттик алымдар жөнүндө салыктык эмес кирешелер тууралуу Кодекс чыккандан бери айтып келишет, - дейт жактоочу. - Бирок ошондо бул маселени көзөмөлдөй турган мыйзам чыгат деп убада беришкен эле. Бирок ушул убакка чейин жылыш жок.

Карыжинскаянын айтымында, азыркыга чейин мамлекеттик алымдан бошотулган адамдардын тобу аныктала элек. Бирок Кодексте мындай категориядагы адамдар каралган.

- Азырынча ушундай гана, - дейт юрист. - Эгерде бир кемпирди алдап үйүңдү мураска калтыр деп зордоп кол койдуруп алышкан болсо, ал сотто ошол үйдүн 10 пайызын төлөп туруп анан соттошот. Экинчи жана үчүнчү инстанцияларда болсо ар бир жолу 5 % төлөп жүрүп отурат. Башкача айтканда иш жүзүндө арыз бере албайт.

2018-жылдын 10-августундагы «Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер тууралуу Кодексти киргизүү» тууралуу мыйзамдын 3 беренесинде өкмөттөн мамлекеттик алымдардын өлчөмүн кайра кароону алты айдын чинде карай турган кылып азайтууну талап кылат. Сунушту 9 айдын ичинде парламентке алып кирүү керек. Бирок, жактоочунун сөзү боюнча, бул долбоорду кимдин ишке киргизээри али белгисиз.

- Мурдагы Советтер союзунун аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда мамлекеттик алымдын өлчөмү эң жогору. - деп белгилейт Карыжинская.  - Казакстанда  - 3%. Орусияда болсо - 60 миңден көп эмес. Бир гана Кыргызстанда - 10%.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх