Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда кыйноолор канча турат?

Укук коргоо органдарындагы кыйноолор боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы бүгүн ачыкталды

Кыйноо бул кылмыш. Акыркы 6 жыл ичинде 1900 адам кыйноолорго туш болгондугун айтып прокуратурага кайрылган. Адистердин айтымында адам укугу бузулуп, мыкаачылык менен кыйналгандардын саны мындан да көп. Кыргыз Республикасындагы кыйноо кесепеттеринин укуктук, медициналык жана социалдык залакасы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча кыйноого дуушар болгон бир эле адамга кеткен чыгым 1 миллиондон 4 миллион сомго чейин каражатты түзөт.

Кыйноону башынан өткөргөн жарандардын ден-соолугунун калыбына келтирүү убактысы алынган дене жана психикалык жаратына жараша болот дешет эксперттер. Укук коргоо органдары тарабынан болгон кыйноо окуяларынан эки тарапт тең: жабырлануучу да, мамлекет да жабыр тартып, чоң материалдык чыгымдарга дуушар болгонун далилдеген видео ролик тартууланды.

Бул изилдөөлөрдү кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр баркты басмырлаган мамилени жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республкалык улуттук борбору, Кыргызстан-Сорос фонду кыйноолорго каршы күрөшүү коалициясы менен биргеликте жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке, Конститутциялык палатага,Жогорку сотко сунуштамалар жиберилди.

Алтынай Рахматулла
Сүрөт www
 


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх