Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Текшергенде шерменде чаптамаларды алган кафелер аларды жашырат. Муну көзөмөлдөгөн эч ким жок

Мамлекеттик санэпидкөзөмөл коомдук тамактануучу жайды кантип текшерүүгө алышкандыгын айтып берет

Быйыл апрелден баштап Бишкекте кафе ресторандарды текшерүү башталды. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн текшерүүсүнүн жыйынтыгына жараша ишканага кызыл, жашыл жана сары түстөгү чаптамаларды беришет. Бул болсо ашкананын санитардык коопсуздук деңгээлин билдирет.

Эки кварталдын жыйынтыгы боюнча  «эң жакшы» деген бааны, башкача айтканда жашыл түстү бир гана ресторан алган. Сары чаптаманы, кафеде бир аз жылыш бар деген белгини 46 ишкана алса, кызыл түс - бул коомдук жайдан тамактануу кооптуу деген белги 276 алган.

Бирок кафе, ресторандардын эшигинде бул белгилер көрүнбөйт. Бишкектеги мамлекеттик санэпидкөзмөл Борборунун  бөлүм башчысы Мухаммад Мурзашевдин айткандарына караганда ишкерлерге текшерүүнүн жыйынтыгында алган чаптамалары менен иштөө пайдасыз болуп калат.

- Бул нормалардын аткарылышын эч ким көзөмөл кылбайт, - дейт ал. Ошондуктан биз мындан ары бул чаптамалар берилген кафе, ресторандарды интернетке чыгарып турууну туура көрдүк. Мындай учурда жарандар кайсы жерде санитардык норма сакталаарын билип турушат. Жылдын аягында баардык коомдук тамактануучу жайлар чаптамаларын алышат. Эгерде чаптама көрүнбөсө демек ал тамактануучу жайдын чаптамасы кызыл болот да, аны ээси илүүдөн уялат.

Атайын текшерүүнүн жүрүшүндө эскертүүлөр, эреже бузууну оңдоолор жазылат.

- Меймандар залдан башка нерсени көрүшпөйт, - деп улантат Мурзашев. - Чаптама деген оңтойлуу диван же кооз мебель үчүн берилбейт, аны ашкананын тазалыгы үчүн берет. Ишкананы белгилүү бир күнү текшере турган тизме жок. баары факт жүзүндө болот.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх