Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Музейлер жана театрлар жогорулатылган маяна берүү тууралуу буйрук ала элек

Андагылар тийешелүү документтер бүгүн-эртең маданият Министрлигинен келип калат деп, жер тепкилеп турушат

Мамлекеттик театр жана музейдегилер маданият Министрлигинен кызматкерлердин айлыгын көтөрүүү тууралуу буйрук ала элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына алардын кээ бирлери билдирди.
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драмалык театрындагылар айткандай, ушул айдын акырында эсептешебиз дешкен.
- Азырынча күтүп жатабыз, - дейт башкы эсепчи Шамырбек Өмүралиев.

«Сулайман-Тоо» Улуттук тарых-археологиялык музей комплексинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Ороскүл Кожанова Vesti.kg сайты менен болгон баарлашуусунда министрликтен эч кандай буйрук түшө электигин тактады.

- Жакында алып калабыз, кийинки маянаны музейдин кызматкерлери көп алышат, - дейт ал.

Кожанованын айтымында музейдин кызматкерлери азыр 4 миң 800 сом алышат. Кароолчу болсо 2,5 миң сом алат. Ал эми 8,5 миң жана 4,5 миң алып калышаарын белгиледи.
Ушуга окшогон эле көрүнүш Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында : чыгармачыл кызматкерлер 5 миң сом алат, кенже техникалык кызматкерлер 2,5 миң сом алат деп мойнуна алды директор Шералы Бекташев.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайтына бир катар маданият жана искусство кызматкерлеринин айлыгы 80% көтөрүлөт деп билдиришкен эле. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийешелүү токтомго кол койду.
Токтомдо 2011-жылкы №16 токтомго өзгөртүү киргизилген. Кызматтык акыларына 1,8 эсе көбөйтүү тууралуу коефициент чыгарылган:

- Т. Абдымомунов атындагы кыргызулуттук академиялык драма театры;
- Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театры;
- С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры;
- Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейи;
- Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм өнүр музейи;
- «Сулайман-Тоо» Улуттук тарых-археологиялык музей комплекси;
- Т. Океев атындагы кыргыз улуттук киностудиясы.

Андан сырткары профессорлук - окутуучулук курамдын айлыгын 80% көбөйтүү жана төмөнкү окуу жайлар ага кирет:

- Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы;
- М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы;
- С. Чуйков атындагы кыргыз мамлекеттик сүрөт окууу жайы;
-  Ниязаалы атындагы Ош Мамлекеттик музыкалык окуу жайы.

Ольга Федорчук
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх