Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Социалдык өнүктүрүү Министрлиги 1,3 миллиард сомду балдарга бербей койгон»

Иликтөөнүн натыйжасында 88% жөлөк пулга муктаж болгондор аны ала алышпайт

Кыргызстандагы балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча НКО Бирикмеси жана балдарды Коргоо Борбору 2018-жылдын сентябрь айында «үй бүлөгө көмөк» жөлөк пулун төлөө боюнча анализ кылып көрдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына эмгек жана социалдык коргоонун мурдагы министри Назгүл Ташбаева айтып берди.

- Ошону менен кошо бала төрөлгөндө берилчү «сүйүнчү пулду» да кошо текшеришти, - деп белгиледи ал. - Текшерүүнүн жүрүшүндө үй бүлөлөр жана Бишкектин социалдык өнүктөрүү кызматкерлеринин аймактык башкармалыгынын кызматкерлерин сурамжылоого алдык.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, 88% жөлөк пулга муктаж үй бүлөлөр аны ала албайт экен. Анын себеби толгон токой документтерди чогултуу, аларды болсо чогултууга мүмкүн эмес. Ал эми 70% сураган кишилерибиз жөлөк пул алуу үчүн кайда барып кайрылышты да билишпейт экен. Ал эми 40% болсо, кайрылышканда аларга жөлөк пул берүүдөн баш тартышкан. Анткени алардын катталган жери айылда деген шылтоону айтышкан.

Бул сурамжылоодо негизги орунда «Алтын Казык» жаңы конушунун тургундары болду. Бул жаңы конуш легалдуу эмес экен, ошондуктан алар кайрылса деле аларга жөлөк пул берүүдөн баш тартышат.  Ал эми алар катталган жерине барып кайрылышса, силер чындыгында бул жерде жашабайсыңар дешет.

Бардык сурамжылоого алынгандар СӨБ алардан катталган жеринен тактама алып келүүнү сурашкандыгын айтышат, бирок алар аны алып келип берүүгө дараметтери жетпейт.

Сурамжылоодогу негизги жооптор: Биз айылда 6 ай жөлөк пул алып жүргөнбүз, анан Бишкекке келдик. Эми бизди жөлөк пул алуучулардын катарынан чыгарып салышты. Көптөрү жөлөк пулду таанышы барлар гана алат дешет. Ал эми социалдык өнүктүрүү кызматкери болсо, силер көпсүңөр, мен жалгызмын, жумушум көп деп койгон. СӨК баары жаштар, эчтеке билишпейт, кантип жөлөк пул алам десең ийнин кысышат. СӨБ болсо бизди ички мигрант катары көрүп сүйлөшкүсү да келбеди. Биз жөлөк пул алуу тууралуу кайрылып көрдүк, бирок бизге бул жерде ал үчүн 10 жашооңор керек деп билдиришти. «Мен 2018-жылы Аламүдүн СӨБ кайрылдым, мага андагылар жөлөк пул бербей турган мыйзам чыкты дешти».

Аймактык СӨБ кызматкерлерин сурамжылоого алганда 90% жөлөк пул алууга муктаждар ички мигранттар экен. Жөлөк пул алуудагы кыйынчылыктар: бул корпоративдик маалыматтын начар иши жана методикалык түшүндүрүү иштеринин жоктугу.

Тилекке каршы, бул нерсе бүгүн эле чыга калган жок, - дейт Назгүл Аскеровна. Жөлөк пулду элге жеткирүү системасы эскирген. 2017-жылкы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө эң начар жашаган үй бүлөлөрдүн 86% жөлөк пул албайт. Аларды социалдык коргоо системасы көрбөйт. Азыркы убакта ар бир үчүнчү бала жакыр үй бүлөдө жашайт. Балдар тама ашка жетинбей, мектепти таштап тирилик кылууга өтүп жатышат.

Социалдык өнүктүрүүнүн мурдагы министри 2017 жылы Сапар Исаковдун өкмөтү эмгек жана социалдык коргоо Министрлигинин мурдагы жетекчилиги менен биргеликте, Таалайкүл Исакунова жана Лунара Мамытовалар мамлекеттик жөлөк пул тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн демилгелешкен.  
- Алар мурдагы эски коррупциялык системаны калыбына келтирүүгө аракет жасашкан, - деп түшүндүрдү ал. - Алар ар түрдүү убадаларды бергени менен аткарылбай эле калды. Мурунку өкмөт балдардын жашоого деген акчасын алдап алып, аларга куру убада гана берип койду. 2018-жылкы өзгөртүүдөн соң кырдаал андан да татаалдашты. Эми начар турмушта жашаган үй бүлөлөр райондун борборуна бир нече жолу барышы керек болуп калды. Алар акчаны кайдан табат? Алардын тамагына да акчалары жок да!?

Ташпаева аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн жөлөк пулдары берилбей кечигип калган учурлар болот деди.

- Аймактык башкаруунун кызматкерлери документтерди кантип дайындоону жана кабыл алууну билишпейт. Байкуш үй бүлөлөр кайда бараарын кимге кайрылаарын билишпейт. Ушундай болуп турса да, социалдык корго Министрлигинин жетекчилиги 9 айдын жыйынтыгында 1 миллиард 230 миллион сомду жакыр үй бүлөлөргө бербей койгон. Бул кечирилгис күнөө. Мени министрликке кайтып келгени жатат деген сөздөр болгон . Бирок ал чындыкка коошпойт.

Өз кезегинде социалдык коргоо Министрлигинин акча жардамы жана мамлекеттик жөлөк пул башкармасынын начальниги Жыпара Боромбаева жөлөк пул тууралуу  жаңы мыйзамды ишке ашыруу 2018 жылы өкмөт тарабынан кабыл алынгандыгын эскертти.

- Департаменттин кызматкерлерин окутуу жана аймактык органдарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болгон эмес бир да жолу. Мисалы, 2009-жылы мамлекеттик жөлөк пул тууралуу мыйзам өзгөргөндө окутуу бардык облустарда бир нече жолу болгон. Алардын ишти билбегендигинин дагы бир себеби, жаңы мыйзамды киригизип аткан учурда аймактык органдарда жана борбордук аппаратта кайрадан түзүү болуп жаткан болчу.

Боронбаева ошол убакта райондук башкарманын бөлүмдөрүн дайындоо учурунда мамлекеттик жөлөк пулду төлөө бөлүмүн жоюшкан. Алардын кээ бир кызматтарын башка структуралык бөлүктөргө берип салышкан деп тактады.  

-Райондук социалдык өнүктүрүү башкармасынын милдетине мамлекеттик жөлөкпулду төлөө кызматын алып салышкан. Аймактык органдардын абалы минюстта катталган эмес болчу. Ошондуктан министрдин приказы бул нормативдик укуктук базага каршы келчү, - деп аяктады ал.

Сүрөт www
 


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх