Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмне үчүн аз камсыз болгон жөлөк пул алуучулар өздөрүндөгү жаңылыкты сезише элек?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлиги кырдаалды түшүндүрдү. Мекеме жаңы киргизилген механизмдин пайдалуулугун бир канча убакыттан баалоого мүмкүн болот дейт

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлиги Vesti.kg сайтынын «Социалдык өнүктүрүү Министрлиги балдарга 1,3 миллиард сомду бербей койгон» деген статьясына түшүндүрмө берди.

2018-жылы апрель айында  «КР мамлекеттик жөлөк пулу тууралуу» мыйзамына өзгөртүү киргизилген. «Үй бүлөгө көмөк» деген даректик принциптин негизинде дайындалган жөлөк пул.

Жөлөк пулдун даректүүлүг деген эмне? Бул жөлөк пул жалаң гана аз киреше алган жакыр үй бүлөлөргө берилчү жөлөк пул. Бул бир айлык тапкан кирешеси 900 сомдон аз болгон үй бүлөлөргө берилет. Муну алам деген үй бүлөлөр өздөрүнүн кирешелери тууралуу маалымат бериши керек. Анткени жөлөк пулду мамлекеттик бюджеттин эсебинен беребиз. 

Тактай кетчү нерсе, бул «үй бүлөгө көмөктү» алууга негизги документтер бул паспорт, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, жашаган жеринен тактама жана айлыгы тууралуу тактама. Калган документтер зарыл болгон учурда гана керектелет. 

Мисалы, жөлөк пул үчүн опекун кайрылган учурда, опека тууралуу чечим керек болот. Жер тууралуу тактама да керек болот, эгерде жери болсо. 

Катталган жерине эмес учурда жашап жаткан жерине басым жасоо маанилүү. Бул ички мигранттар үчүн жаңы кабыл алынган жеңилдик.

Андан сырткары, азыркы мыйзамга ылайык, мамлекеттик ыйгарым укук менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары так айырмаланышы керек. Мамлекеттик жөлөк пулду дайындоо мамлекеттин милдетине кирээрин эске алып, жөлөк пул алуу тууралуу арызды айыл өкмөтүнө эмес, социалдык өнүктүрү жана эмгек башкармалыгынын аймактык башкармасына бериши керек. Калктын жөлөк пулга жетүүсү үчүн аймактык соц.өнүктүрүү жана эмгек башкармалыгынын иштөө тартибин түзүү керек.

Ошондой эле жаңы киргизилген мыйзам бар болгону бир нече ай гана өткөөл кормада турат деп каралаарын белгилей кетүү маанилүү. Ушул жылдын 1 - апрелинде жөлөк пул чегерилгендер аны алат. Бүгүнкү күндө өлкөдө мындай үй бүлөлөрдүн саны 70 миң. ( жөлөк пул алуучу балдардын саны 202 миңдей). «Үй бүлөгө көмөк» жаңы норма боюнча 14 миң үй бүлөгө берилет, 42 миң бала алат бул акчадан. Бул бардык аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн 17% түзөт.

Ошентип, жөлөк пулду алуучулар киргизилген жаңылыкты али сезе элек.

Белгилей кетүүчү нерсе, министрлик келе турган жылдын экинчи жарымынан баштап мамлекеттик органдардан жөлөк пулду дайындоону талап кыла баштайт. Аны электрондук тизмеге киргизет. Бул болсо документтерге болгон баш ооруну азайтат. 

Кызматкерлердин орой мамилелери тууралуу арыз министрликке келип түшө элек. Мындай факт катталган учурда арызды министрликке жолдогула, биз аларга тийешелүү чараларды көрөбүз.

Ушуну менен бирге эле, эмгек жана соц.өнүктүрүү министрлиги аймактык соц. өнүктүрүү башкармалыгынын адистерине семинарларды, окууларды өткөрүшкөн. 

Ошондой эле министрлик калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин өткөрүп турат. Мекеменин кызматкерлери маалымат каражаттарында дайыма чыгып турушат. ТВ дан түз эфир аркылуу, радиоберүүлөр аркылуу бул темага арналган берүүлөргө чыгып турушат. Бир канча жолу мамлекеттик жөлөк пул тууралуу статьялар чыкты, жарандардын суроолоруна жооп беришти. Жөлөк пул алуудагы чогултуучу документтердин тизмеси, кайда барып кайрылуу керектиги тууралуу маалымат беребиз.

КР ЭСӨМ маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх