Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар үчүн күрөөгө үй алуу чындап эле жеткиликтүү болобу?

Бул маселе тууралуу экономика эксперттеринин пикирлери эки ача болду

Мамлекеттик күрөө программасы боюнча турак жайдын баасын төмөндөтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу пикирин  Vesti.kg  сайтына экономика илимдеринин доктору Төлөн Абдыров билдирди.                                         

- Мамлекет күрөө программасын жаңы баштаган учурда биз баалар жеткиликтүү, жашкы эле төмөн дегенбиз, - деп белгилейт ал. - Кээ бир өлкөлөрдө кредиттин пайыздык чени 3-4 пайыздан ашпайт. Бирок кээ бир курулуш компанияларынын айтымында, үйдүн өзүнүн баасын төмөндөтүүгө болот. Бүгүнкү күндө бир квадрат метрдин баасы 400 доллардын тегерегинде.     Мен ойлогон ойду ишке ашырууга болот деп эсептейм. Негизгиси бул сөз боюнча калып калбаш керек.     

Өз кезегинде дагы бир экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов бааны түшүрүү жакшы жыйынтык алып келбейт, анткени мамлекеттин бул программаны ишке ашырганга каражаты жок дейт.

- Күрөөгө бериле турган каражаттар коротулган, - деп түшүндүрөт ал  Vesti.kg сайтына. - Миңдеген адамдар кезекте турат, ошондуктан турак жай жеткиликтүү болуп калат деп айтуу кыйын. Бирок бул жакшы идея. Эмнеге элди үмүткор кылып атышат түшүнбөйм. Каражат жок болгондон кийин кантип ишке ашырышат. Күрөөгө үй алабыз дегендердин кезеги күн санап өсүүдө, ал эми каражат болсо түгөндү.

Түшүндүрө кетели, «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашыруу боюнча жыйында Мухаммедкалый Абылгазиев пайыздык чендерди азайтуу механизмин иштеп чыгууну талап кылды.
Премьер-министр кызыкдар тараптын катышуусу менен тыкыр талкуулоону бир жумалык мөөнөт менен тапшырды.

Вероника Малышева
Сүрөт www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх