Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Макгрегор Алибеков. Кыргызстанда ымыркайдын атын  UFC мушкеринин атынан койду (сүрөт)

Бөбөк бирге чыга элек. Мамкаттоодо паспорттун чыныгы экендигин тастыкташты

Кыргызстанда дүйнөгө таанымал ирландиялык  UFC мушкери Конор Макгрегордун атын алган ымыркай бар. Болгондо да атын эмес фамилиясы коюп алган.

Кичинекей кыргыздын аты жөнү Макгрегор Алибеков. Быйыл кулжа айынын он тогузунда төрөлгөн. Окурмандар Vesti.kg сайтына баланын чет элдик паспортунун сүрөтүн салып жиберишкен.

Vesti.kg сайты комментарий үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганда ал документтин чыныгы экендигин ырасташты.

- Анын аты чынында эле Макгрегор. Ымыркай Кыргызстандын түштүгүндө төрөлгөн, - деп тактады МКК маалымат кызматы.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www  



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх