Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин кафесинде УКМКнын мас кызматкери тапанчасын булгалактаттыбы? (видео)

 Милиция жаңжалкечтин ким экендигин издеп жатат. Атайын кызмат да, ал адамдын өздөрүнө кесиптеш экендигин аныктайт

Бишкекте УКМКнын кызматкери деп болжолдонгон киши кафедегилерди тапанчасы менен коркуткан. Окуянын видеосу Instagram социалдык тармагында жарыланды.

Тасманын авторунун маалыматы боюнча, ал киши улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери.

Ордо калаабыздын «Лайв Бар» кафесинде КР УКМКнын мас кызматкери табелдик тапанчасын булгалактатып келген элдерди коркутуп жатат, - деп сүрөттөйт видеону.

Ал ортодо Бишкек ШИИБ маалымат кызматы ал кишинин өздүгү такталып жатат деп Vesti.kg сайтына билдирди.

- Бул факт боюнча текшерүү башталды, - деп маалымдады милициядан.

УКМКда жарыя кылынган видеону иликтеп жатышат. Мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтуусунда ал тасманын каарманы УКМКнын кызматкери болсо жумуштан бошотулат.

- Эгерде маалымат такталса, анда ал катуу жаза алат, - деп жооп берди Сулайманов.

Окуянын качан болуп өткөнү белгисиз. Видео Instagramга бүгүн эртең мене киргизилди.

Зулайка Эркимбаева

сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх