Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги абанын булганышына жарандар өздөрү күнөөлүүбү? ЖЭБдин тиешеси жок (видео)  

«Электр станцияларында» абанын булганышынын негизги себеби менчик үйлөрдүн түтүнү жана автомобилдерден чыккан газдар

Сууктун түшүшү менен жана кезектеги жылуулук берүү мезгилинин башталышы менен Бишкектин үстүндөгү капкара булуттун салаңдашы социалдык тармактарда бат баттан пайда болуп жатат. Шаардыктар абанын сапатына нааразы, көптөрү аллергия жана өздөрүн начар сезип жаткандыктарына арызданышат.

Бул көйгөйгө Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев көңүл бурду.

«2017-жылдын аягында жана быйылкы жылдын башында мен Бишкектин экологиясы тууралуу көп маселе көтөрдүм, - деп жазат ал фейсбукта. - Өкмөт 37 пункттан турган план ойлоп чыгарышкандыгын айтты. Иштеп чыгарышты, бирок ишке аша элек. Мен деле кандайдыр бир борбор калааны жакшыртуу тууралуу кандайдыр бир демилгени уга элекмин. Өкмөт да, мэрия да бул тууралуу үндөбөйт. Бул көйгөйлүү маселени кайра көтөрөм. Экологиянын жамандыгынан мен да аллергия болуп жатам, мурда мындай жок эле. Башкалардай эле болчумун».

(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)

Саясат таануучу Денис Бердаков да бул көйгөйдү чечүүдө мамлекеттик органдардын кыймылдабай отурганына нааразы.

«Ушул түн жанга батып кетти, бууп жаткан сасыктан ойгонуп кеттим, - дейт ал социалдык тармактан. - Бишкектеги абанын булганычтыгы Пекиндикинен 5 эсе жаман болуп кетти. Бул туңгую, бул геноцид. Бул мамлекеттик органдардын эле колунан келе турган иш. Бир нерсе кылуусу керек. Себеби көрүнүп эле турат: резина жагышат, ал эми менчик үйдөгүр ткань өрттөшөт. Бензин болсо көпчүлүк май куючу жайларда ЕВРО 2 стандартына да жооп бербейт. ЖЭБ болсо көмүр жагат - бул нерсе өткөн кылымдыкы. Ким тажаса комментарий жазсын. Эртеңден баштап бул нерсени коомчулукка алып чыгам, бизди атайылап эле уулап жатышат. Дайыма баш оору болобуз, аллергия. Элдер дем алуу органдары рак ооруларына чалдыкканын айтып жатышат. Карагыла кайда баратканыбызды!»

Өз кезегинде «Электр станциялары» ААК маалымат катчысы Тагжан Айдаралиев Vesti.kg сайтына абанын булганышы ЖЭБдин иши менен байланыштуу эмес дейт.

- Ыштын көпчүлүгү менчик үйлөрдүн түнүнөн жана автомобилдердин газынан пайда болот, - деп түшүндүрдү ал. - Жылуулук борборунун түтүктөрүнүн бардыгында заманбап чыпкалар бар. Андан сырткары ал түтүктөрдүн бийиктиги 300 метрди түзөт. Бул атайын түтүн бийик кетип, шаардан алыс таркашына шарт түзүлгөн. Таштандыларга көзөмөл дайыма жүргүзүлүп турат, бул деген ЖЭБдин штаттык резимде иштеп жаткандыгынан кабар берет.

 Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх