Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги түрктөрдүн ортосундагы жаңжал. «YUSA» кафесинин ээсин өлтүрөбүз деп коркутушкан (сүрөт)

 Жабырлануучу айдоочусуна ишенип бизнесинин бир бөлүгүн жоготкондугун айтып берди

Түркиянын жараны Языджы Фикрет «YUSA» ЖЧК басып алышкандарына арызданат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Башпркуратуранын коррупцияга каршы Координациялык кеңешмесинин эксперттик мүчөсү Кайрат Осмоналиев айтып берди.

- Мага Түркиянын жараны кайрылды, ал Бишкектеги «YUSA» кафесинин негидөөчүсү болот экен, - дейт ал. - Ал 90-жылдары Кыргызстанга келип бизнеске акчасын салган. Ал ушул жерден өзүнүн мекендеши, бирок Кыргызстанда жашаган Исмаил Раджаповду айдоочу кылып жалдап алат. Аларда жакшы ресторан куруу тууралуу ой пайда болот. Алар биргелешип ишкана курууга келишим түзүшөт. Бул иште негизги инвестор Языджы Фикрет болот, анткени ал калган эки катышуучунун акцияларын сатып алат.

Кайрат Медербекович Раджаповдун 15% үлүшү калгандыгын белгилейт.

- Анан кафе курууга жер сатып алуу керек болот. Бирок буга Түркиянын жаранынын укугу жок болгондуктан, акчаны Раджапов алат. Ал эми Фикрет болсо бул учурда Түркияда жашап, негизги бизнеси ошол жакта болгон. Раджапов болсо сотко берип Фикреттин 40% акциясын утуп алат. Бирок сотто эч кандай жүйө келтирилген эмес. Чечим мыйзамсыз кабыл алынгандыгы көрүнүп эле турат. Бишкектин район аралык соту Азиз Эшалиев тарабынан бул чечимди кабыл алууда кызыкчылык болгон, анткени мыйзамсыз чечим чыгарууга барып жатпайбы. Языджы Фикрет болсо буга нааразы. Ал президентке да кайрылган, бирок натыйжа болгон эмес. Өткөн жумада ал УКМКга арыз жазды.

Языджы Фикрет өзү кат жүзүндө 1998-жылдан бери ал Раджапов менен өнөктөш экендигин жана анын көрсөтүлгөн акциялык үлүшү бар экендигин жазган.

(орфография жана пунктуация сохранены бузуклбай сакталды)

«Ушул 20 жыл аралыгында мен бир да жолу Раджаповдон отчет талап кылган жокмун. Анан бир жолу катуу эреже бузгандыгынан улам, кириш, чыгыш эсебин көрсөтүүнү жана эсеп берүүнү сурадым, - деп эскерет Фикрет. - Ошол учурдан баштап мени Раджапов өзүнүн кичүү уулу Алааттин экөө мени өлтүрөбүз деп коркутушат. Мен Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлигине арыз жазууга аргасыз болдум. Раджаповду суракка алышты. Ал жагдайга түшүндү. Раджапов жалдырап кечирим сурады, арызымды кара алышымды өтүндү.  Тилекке каршы мен арызымда кайтарып алдым. Анан дароо эле анын артынан Раджапов мага доо арыз берди, 20 жыл мурун «YUSA» рестораны турган жер меники болчу деп. Ал ошол участокту мага бекер бериптир. Бул участок үчүн мен ага 42,5% акцияны бериш керек имишмин».

Бирок, Фикреттин айтымында жер сатып алууга акчаны Раджаповго ал берген.

«Ал мага айдоочулук кызмат көрсөтчү, мен анда Бишкекке жаңы келгем, - дейт ал. - Анын үстүнө анын Бишкекте жашай турган жери жок болчу, ал 40 километр алыстан келчү. Раджапов менден үй сатып алганга акча да сураган. Мен ага 15 миң доллар АКШ долларын бергем. Ошол убакта бул өтө чоң акча болчу. Анан жер сатып алганга 12 миң доллар бердим. »

Анан ал жерди каттатыш керек, сен чет элдин жаранысың, ошондуктан мага каттаталы деди. ЖЧКны да ага каттаттык. Кийинчерээк бул жоопкерчилиги чектелген коомду сатып жиберди, бирок ал экөөбүздүкү болчу да. Нотариустан күбөлөндүргөн. Бирок, сотко алып келген материалдардын арасында ал келишим жок эмнегедир. Эми ал баарынын башын айландырып, бул жер участогун мен бекер бергем деп жатат.

Бул жасалма протоколду карап, изилдеп отуруп мен Раджаповдун башында эле арам ою бар экендигин билдим. Мен эч нерседен күмөн санабай эле баарына макул боло берген экенмин. мен анын улуу уулу Рулландын экү көзүн операция кылганы Түркияга алып бардым. ал жердеги чыгымдарынын, операциянын баарын өзүм көтөрдүм. ошол жакшылыгыма ал минтип жооп берип жатат эми.

Кайрат Осмоналиев матеиалдарды окуп чыгып, юридикалык баа бердим деп кошумчалады.   

Адилетсиз соттон башка да бул жерде алдамчылык бар, жасалма документтердин курамы менчик ээсин алмаштыруу максында жасалган, башкача айтканда баскынчылык, - деп сөзүн аяктады ал.

(Vesti.kg сайтынын редакциясынын позициясы маектешибиздин көз карашын билдирбейт))

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх