Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бир жарым тонна бешбармак менен Кыргызстан «Гиннес» рекорддор китебине кирди

Кыргыздын Бешбармак улуттук тамак-ашы дүйнөнүн 130 тилине которулган «Гиннес» китебине катталды

«Гиннес» рекорддор китебине кыргыздын улуттук тамак-ашы болгон бешбармакты киргизүү демилгеси белгилүү журналист Элнура Кулуевага таандык. Анын айтымында акыркы 3 жылдан бери улуттук долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенип жүрөт. «Кыргыз элине тиешелүү кандай маселелер көтөрүлбөй жатат, кайсы тармагы даңазаланбай келет деп көптөн бери анализ жүргүзүп келем»-дейт Элнура Кулуева.

«Гиннес» рекорддор китебинин бешбармакка байланыштуу бөлүгүндө буга чейин Казак эли эгемендүүлүк майрамында 764 килограмм бешбармак даярдап рекорд койгон.Ал эми Өзбек эли көз карандысыздык майрамынын урматына 2 миң тонна палоо демдеп «Гиннес» китебине кирген.

Коомдук ишмер Элнура Кулуеванын айтымында Кыргызстандын аты «Гиннес» китебинин шахмат оюну жана трюктардан турган каскадерлор бөлүктөрүндө гана аталган.

«Дүйнөлүк китепке кирүү оңойго турган жок. Казактар рекорддор китебинде бешбармак бөлүгүн ачуу үчүн 20 миң америка долларын төлөптүр. Казак элинин бешбармагынын камыры башкача жасалып,технологиясы да бизден айырмаланат деп далилдөөгө туура келди»-дейт Элнура Кулуева. Кыргыз бешбармагын рекорддор китебине киргизиш үчүн долбоордун концепциясын жазып, эки айга чукул убакыт социалдык тармактарда жайылтып иштегенин ал кошумчалады.

Жыйынтыгында Кыргызстан 1 тонна 464 килограмм бешбармак даярдап «Гиннес» рекорддор китебине киргизилди.

«Гиннес» рекорддор китебинин расмий өкүлдөрү Кыргызстандын бешбармагын китепке каттаганын билдирген сертификатын 4 ай мурун жиберген. «Ал кат «Аю»компаниясында турган болчу»-дейт Элнура Кулуева. Узап бара жаткан жылды жакшы саамалыктар менен жыйынтыктоо үчүн кечээ 2-декабрь күнү кыргыз элине сертификат жарыяланып көрсөтүлдү.

Акылай Рахматулла

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх