Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз балдар Москвадагы LG заводуна ишке орношкону барышып, кулчулукка туш болушту (Видео)

Элдер теледеги жылып турчу жарыяга алданышты. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кырдаалды түшүндүрдү

Vesti.kg сайтынын редакциясына Нарын облусунун «Миграция борборунун» кызматкери Динара Усупова кайрылып, кыргызстандык мигранттардын Орусиянын борборунда алданып,кулчулукка туш болгондугу тууралуу арызды кабыл алуубузду өтүндү.
Кыргызстандыктар мекенинде жүрүшүп, ттеледен жылып туруучу жарнаманы көрүп калышат, анда Кыргызстандын жарандарын Москвадага LG заводуна жумушка чакырышкан. Келишимге кол коюшуп, 26-жетинин айында мигранттар жолго чыгышкан. Бишкектен аларды автобуска отургузушкан, кийинчерээк башка унаага которушат, анын жылыткычы жок экен. Ошентип Кыргызстандын жарандары 5 күн бою жол жүрүшүп, араң дегенде Белокаменнаяга жетишет.

Москвага келгенде аларды жердештери тосуп чыгышат. Алар керектүү документтерге 15 миң сомдон топтогула дешет. Бирок мигранттарда ал сумма жок болчу, келишим боюнча алар заводдо иштеши керек эле. Кыргызстандыктар белгилегендей, Кыргызстанда түзүлгөн келишим РФнын аймагында жараксыз болуп чыкты.

Мигранттардын айтымында, алар ал жерден жашап турганга эч кандай каражат таба алышкан жок. Заводдун кызматкерлери болсо, убада кылынган документтерди жасоодон баш тартышты, алар компьютерибиз бузулуп калды деген шылтоону айтышкан. Аларга суук өтө баштаган, акчалары болсо жок. Муздак сууга жуунушат, ысык суу ал жерде жок экен. Натыйжада алар сасык тумоо менен ооруп калышты.

Ачуулары келген элдераларды жөнөткөн Наргиза деген кызга телефон чалышты. Ал болсо коюлган дооматтарга «Эмне силер саякатка бардыңар беле? Эмнени кааладыңар эле?», - деп жооп берди. Кыргызстандыктардын сөзү боюнча, алар жардам болуп калаар деп Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине да барышкан. Бирок элчиликтин кызматкерлери аларга көңүл да буруп коюшкан эмес.

Андан кийин жарандык активисттер мекендештерин кулчулуктан кутарууну чечишкен жана аларды заводдон өз алдынча чыгарып алууга ниеттенишкен. Бирок алар белгилегендей, бардык кыргызстандыктарды алып чыгууга мүмкүн болгон жок.

Ал ортодо Vesti.kg сайтына Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова алардын кулчулукта болбогондугун айтты.

- Кечээ алар менен элчиликтин кызматкерлери, мигарция кызматы жана топтордун башчылары жоолугушту. Аларга бир аздан акча берип, акыбалдарын териштирди. Алар учурда менчик мейманканада жатышат. Бүгүн биздин юристтер расмий арыздарын кабыл алышат, андан соң биз аларды тийешелүү органдарга жиберебиз. Миграция кызматы бул тууралуу териштирип баштады. Белгилей кетүүчү нерсе, кыргызстандыктар кулчулукта болушкан эмес, анткени алар өздөрү келишимге кол коюшкан. Бирок шарттары жана эмгек акы келишимдегиден башкача болуп калган. Учурда элчилик бул мигранттарды Москвада калтыруу же мекенге кетирүү маселесин карап жатышат.

Ошону менен эле бирге, Гүлбарчын Сулайманова мигранттардын элчилик тапткакыр көңүл бурбай койду деген сөзүн четке какты.

- Бизде дайыма иштеп турган телефондор бар, - деди Байымбетова. - Көрсө, алар миграция өкүлчүлүгүнө чалышыптыр, түз эле бизге чала беришпей. Ал эми алар болсо колдору бош эмес окшойт, трубканы алышпаптыр. Бул албетте жаман. Бирок элчилик көңүл бөлбөй койду дегендери туура эмес.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бул чыгарылыш «мигранттарды укуктук жана маалыматтык колдоо менен бирге алардын укуктарын коргоодогу биргелешкен комплекстүү өнүгүү» долбооорунун алкагында чыгарылып, «Карылар үчүн ресурстук борбор» АК тарабынан ишке ашырылат.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх