Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жайыл районунда атасы балдарын дайыма муунтуп, бычак менен коркуткан

Жетим калган жаш балдар талаада жан багыш үчүн иштешчү, бирок атасы алардын тапканын аракка жумшап салчу

Эрезеге жете элек үч бала апасы өлгөндөн кийин, чоң энесинин колунда калышкан. Аларга деген жөлөк пулду аракеч атасы алып алчу. Бул үй бүлөнүн оор акыбалын «Карыгандар үчүн ресурстук Борбор» АК өкүлдөрүнө Ысык-Көл облусунун Эшкеров айылынын жардам берүү тобунун лидери Айнагүл Жаманкулова айтып берди.
13 жашар Адилет, 11 жашар Нуркыз жана 8 жашар Ислам апаларынан ажырап калышкан. Жаш аял былтыр каргашалуу окуя болуп каза болуп калган.

Балдар атасы менен калып калышты, анысы аракеч, алтургай балдардын жөлөк пулун да ичет. Жан багуу үчүн балдар талаага чыгып иштешет, алардын арзыбаган акчаларын да атасы тартып алып, ичип коёт.

Муну менен эле токтоп калбастан, ал балдарын муунтуп, бычак менен коркутат.
«Жайыл районунун Акбашат деген айылындагы балдардын турмушун баары эле билишет, - деп белгиледи Жаманкулова. - Аларды балдар үйүнө жиберүү керек».
2018-жылы 18-жетинин айында балдарды Ысык-Атадагы Боз-Бармак деген айылга таэнеси алып кеткен. Азыр аларды ошол карап жатат.

«Бирок кемпирге неберелерин тарбиялоо кыйындыкка турат, - деп кошумчалады топтун лидери. - Ага жардам керек. Балдар кийимден кыйналышат, айрыкча мектеп кийиминен».
Таэнесинин сөзү боюнча, балдардын жөлөк пулун дагы эле атасы алат.

Айнагүл Жаманкулова кайдыгер болбогон жарандардан балдарга жардам сурайт. Аны менен байланыш үчүн 0700406960 номерине чалса болот.
Ошондой эле Назимага чалса болот - алардын тууганы (0708356035).

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх