Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошентсе болобу? Компьютерде отурганына зыяндуулук үчүн кошумча акы

Кыргызстандын кээ бир Министрликтеринин кызматкерлери ушул күнгө чейин ПК менен иштегенине кошумча каражат алышат

Айыл чарба Министрлигинин кызматкерлери компьютерде иштегендиги үчүн «зыяндуулукка» кошумча акы алышат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Vesti.kg сайтынын суроосуна жооп иретинде андагылар Кыргыз өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-чын куранындагы №258 токтомунун негизинде, ошондой эле 2017-2019 жылдар үчүн 2017-жылы 5-үчтүн айындагы жамааттык келишимдин негизинде зыянсыз нурлануунун өлчөмүн текшерүү үчүн тендер кылганбыз.
«2018-жылдын 7-бирдин айында компьютердин үнү жана нурдантуусу тууралуу протоколдун негизинде №9 жана №10, аттестациялык комиссиянын протоколу №1 2018-жылдын 12-бирдин айында түзүлгөн жана айыл чарба Министрлигинин 2018-жылдын 28-жалган куранындагы буйругунун негизинде өзгөчө шартта иштегендиги үчүн айлыкка кошумча төлөнөт».

Белгилей кетүүчү нерсе, айыл чарба Министрлиги бул жаатта кызматкерлерине кам көргөн жападан жалгыз мекеме. Социалдык өнүктүрүү жана эмгек Министрлигинде да Vesti.kg сайтына өз кызматкерлерине кошумча акы төлөө тууралуу ойлонуп жатышкандарын моюнга алышты.

«Учурда жумушчу орундарга аттестация жүргүзгөн жокпуз жана кошумча акы албайбыз, - деп жооп беришти андагылар. Бирок бул маселе бир нече жолу көтөрүлгөн. Министрлик компьютерлерди алмаштырган, эми алардын зыяндуулугу тууралуу комиссия чогултуш керек. Азыр бул маселе актай турат».

Тышкы иштер Министрлигинде, улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинде, өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү Мамлекеттик комитетинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын байланыш жана маалымат технологиясы Мамлекеттик комитетинде Vesti.kg сайтына зыяндуулукка кошумча акы албастыгын жана сурабай да тургандыктарын билгизишти.

Депутат Дастан Бекешев эки жумадай мурун бул кошумча акыларды жоюу тууралуу сунуш киргизген болчу.
25% же 15% айлыкка компьютердин зыяндуулугу үчүн кошумча акы алышат кээ бир министрликтер, - деп айтты ал. - Кайсы токтомдун негизинде бюджеттен кошумча акы алышат?

Депутат мектеп окуучулары да монитордун алдында убактыларын өткөрүшөт деп билдирди. Андай болсо бардык компьютерде отургандарга кошумча акы бериш керек, болбосо баарын жоюп салуу керек.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, мисалы,Улуттук статистикалык комитеттин кызматкерлери бир күн кечке компьютерде отурат деп каршы болот. Ошонун негизинде комитет алардын кызматкерлери үчүнзыяндуулукка кошумча акы берүүнү сурап жатышат.

«Мындай кошумча акы төлөөнүн өзүнүн тартиби бар, - деп түшүндүрдү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. - Санэпидемкөзөмөлдүн комиссиясы кызматкерлерге зыяндуулуктун пайыздык катышын эсептеп чыгарып берет, 8 саат бою отурса канча болоорун ошолор айтат анан».

Эске салсак, 2018-жылы аяк оонада Эсептөө палатасы Улуттук энергохолдингден компьютерге отургандыгы үчүн төлөнгөн кошумча акы боюнча мыйзам бузууну аныктаган.
2016-жылы ишкана кызматкерлерге негизсиз эле 294 миң сом кошумча акы төлөгөн. Ошондой эле жетекчилик мыйзамсыз сыйлыктарды дайындаган, анын суммасы 715,9 миң сом болгон. Жалпы чыгымдын өлчөмү 1 млн. 9,9 миң сомду түзгөн.

«Улуттук энергохолдинг» ААК нааразы болуп, эмгек кодекси боюнча, кызматкерлер ден соолугуна зыян келтирген жумушту аткарууда мындай кошумча акы алууга укуктуу дешти.

«Майрам күндөргө карата берилген сыйлыктар, Улуттук энергохолдингдин ички нормативдик актыларына жана азыркы эмгек кодексине ылайык негиздүү», - деп билдиришти андагылар.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх