Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азамат Жаманкулов: «Чым-Коргондон качуу» фильмин азырынча кинотеатрларда көрсөтпөйт

Маданият министри Чым-Коргон айылынын митингге чыккан жашоочуларынын фильмдин атына болгон нааразычылыгын укту

«Чым-Коргондон качуу» фильми азырынча кинотеатрларда көрсөтүлбөйт, анткени ал ошол аймактын тургундарын басмырлайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Кемин районунун жашоочулары бул фильмдин атына нааразы болушуп, мекеменин имаратынын алдына келип митинг кылышкан.

- Биз «Чым-Коргондон качуу» фильминин чыгышына уруксат бергенибиз жок, - деп түшүндүрдү маданият министри. - Фильмдин аталдышы ошол аймактагы элдердин сезимин басынтат, ошондуктан биз тасманы жаратуучулардан атты өзгөртүүнү өтүнөбүз. Азыр комиссия түзүп карап чыгабыз да, тийешелүү чара көрөбүз. Азырынча бул фильм кинотеатрларда коюлбайт.

Түшүндүрө кетели, бүгүн Кемин районунун Чым-Коргон айылынын тургундары маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин имаратынын алдына келип алышып, митинг кылышты. «Чым-Коргондон качуу» фильминин авторуна тасманын атын өзгөрт деген талапты коюшту. Митингдин катышуучуларын нааразы кылган нерсе, ал жердеги психиатриялык ооруканага байланыштуу көрүнүш. Буга окшогон ооруканалар Кыргызстандын башка жерлеринде деле толтура го.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх