Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Азиз акын Темирлан Ормуков үйү бар туруп, мыйзамсыз батир алган"

Укук коргоочу дүлөй жана азиздер Коому мамлекеттик каражатты коротуп жатканына нааразы

Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коому мамлекеттен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн төрт үй курганга акча алган, бирок батирлер үйгө муктаж эместерге тийип калган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоочу Калича Өмүралиева айтып берди.

-Бул коом кантип бул батирлерди өзүнө алып, кантип бөлүштүрүп калгандыгына таң калам, - деди ал. Бөлүштүрүүдө мыйзам жана башка майыптардын куктары бузулган. Биз бардык жагдайларды иликтеп чыкканыбызда, батирлердин жарымынан көбү алганга укугу жок адамдарга берилген. Белгилүү акын Темирлан Ормуков да үйү бар туруп, батир алган. Андан сырткары, ал аталган коомго мүчө да эмес. Мен сотто үй алууга укуктуу майыптардын тарабын алдым, ал эми Ормуков болсо мени сотто сөктү. Алтургай эки приставды чакырууга туура келди. Мүмкүнчүлүгүң чектелген болсо эле оюңа эмне келсе ошону айтып, сотко да асыла берген туура эмес.

Өмүралиева дагы бир жетиштүү эле турмушта жашаган киши дүлөй жана азиздер Коомунан үй алып алгандыгын кошумчалады.

- Батирди алып өзүнө каттаткан соң, сатып жиберип, джип сатып алган, - деп нааразы болот ал. – Андансырткары, аталган коомго 2001-жылы президенттин жарлыгы менен 40 миллион сом салыктардан кутулууга жана социалдык төлөмдөр үчүн берилген. Бул акчалар бюджеттик эмес, бейөкмөт уюмдардан келген сыяктуу болуп калган. Биз бардык жакка жазганбыз. Мен майыптарга деген жардам социалдык коргоо системасы аркылуу келиш керек деп президентке айтканмын.

Укук коргоочу бул уюм алган акчанын сарпталышын эч ким текшербегендигин айтты.

- Бул коррупциялык схема эмеспи, - деди ал. – Биз бул акчанын бөлүнбөшүн, президенттин бул жарлыкты жокко чыгаруусун каалайт элек. Ал эми каржы министрлиги болсо акчаны бөлдүрө берээрин, жарлык болсо мурунку президенттики экендигин билдирет. Бирок Эсептөө палатасынын каражатты максатсыз пайдаланган деген корутундусу бар. 11 батир боюнча кылмыш иши козголду, анын ичинде Ормуковдун да батири бар. Коомдун мурдагы жетекчиси Калык Мамбетакунов батирлерди мыйзамсыз бергендигин мойнуна алды. Анан дагы 37 квартира боюнча кылмыш иши козголду. Анда да Мамбетакуновду күнөөлүү деп табышты, биз дагы 67 мыйзамсыз берилген батирлерди таптык. Баары болуп 225 батир.

(Vesti.kg сайтынын редакциясынын көз карашы маектешибиздин пикирин билдирбейт)

Эльвира Алабина
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх