Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык балдарды ушинтип адептүүлүккө тарбиялоого кандай карайсыз?

Окуу китебине киндигинде найзасы бар, кыска этекчен жана тамеки чегип жаткан Гүлайымды киргизип коюшкан (сүрөт)

Билим берүү Министрлигиндегилер китепти үчүнчү класстар үчүн чыгрылган дешти, кайра басышат экен.

Үчүнчү класстын китебиндеги тамеки чеккен Гүлайым тууралуу кыргызча ыр кыргызстандыктардын ачуусун келтирди. Фейсбук социалдык тармагында коомчулук бир гана ал чыгарманы эмес, мектеп окуучуларынын үй тапшырмасын да сынга алышты.

Ырда Гүлайымдын жаман жүрүш-турушу сүрөттөлөт. Ал бир да баланын жанынан жөн өтпөйт жана киндигинде найзасы бар. Кыска этекчен жүрүп, тамеки чегет. Ырдын текстиндеги мааниси боюнча, ага кичинекей кыздар күлүшөт.

Окуу китеби балдарга ырды окуп жана төмөнкү суроолорго жооп берүүнү сунуш кылат:

Акын кызды эмнеге салыштырат?

2. Тамеки чеккен Гүлайымды сүрөттөп бергиле.

3. Биз Гүлайымга окшогон кыргыз кызы менен сыймыктана алабызбы?

4. Биз сыймыктана турган кыз кандай болушу керек?

Кыргыз Республикасынын билим берүү Министрлиги Vesti.kg сайтына бул окуу китебин кайра оңдоп жазабыз дешти.

- Бул китептин негизги автору - Жыргал Ысманова, - деп түшүндүрүштү КР ИБМ. - Бул окуу китеби 2017-жылы Кыргыз били берүү академиясы тарабынан бекитилген. Бүгүнкү күндө биз таалим, тарбия берүүчү стандарттарды карап жатабыз. Бул китеп кайра иштелип ыгып, оңдолуп жазылат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх