Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тойлордо учаны да шаан-шөкөтү менен жөн тартпай калышты

Тойлордо ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу жана каада-салттарды жөнгө салууну талкуулаган тегерек стол өтүп жатат

Тойлордогу ысырапкерчиликти азайтуу маселесин көтөрүп чыккан демилгечи топ өткөргөн тегерек столдо бул маселе азыр чоң көйгөйгө айланганы айтылды. Буга чейин да ашыкча ысырапкерчилик боюнча Бектемир Мурзубраимов, Каныбек Осмоналиев сыяктуу коомдук ишмерлер жана жер-жерлердеги жарандык активисттер тарабынан маселелер көтөрүлүп, көп жылдан бери айтылып келет. Демилгечи топтун төрагасы Бектемир Мурзубраимов «Жогорку Кеңеш мыйзамды өткөрөбү же өткөрбөй коебу деп кооптонуп коркпой эле кол топтоп, элдин талкуусуна коюп талкуулашыбыз керек» -деди.

« Өзбекстан менен Тажикстан тойлордогу ашыкча сарптоолор боюнча мыйзам кабыл алып,натыйжада элдин жашоосу бир топко жакшырды»-деди.

«Тойлордо улам жаңы көрүнүштөр пайда болуп, кадимки уча тартканда да жөн тартпай, эки чоң табакка салып, тойду тейлөөчүлөр эки колуна көтөрүп алып элди музыка менен кыдырып басат экен. Бул не деген көрүнүш?» -дейт Таластын Кара-Буура районунан келген ардагер Жыпарбек ажы Тойчубеков. Анын айтымында түштүктөн келген себет берүү салтын кызын күйөөгө узаткандар берип жүргөн болсо,эми уулун үйлөгөндөр да кудаа тараптын алдына түшкөнү барганда 8-12 себет даярдап калышкан.

Жеке ишкер Сабида Сартованын айтымында тойдон пайда табышкан ырчылар менен тамадалардын ишмердигине да чектөөлөрдү киргизиш керек.
Тегерек столдун катышуучулары ашыкча ысырапкерчиликти жөнгө салуу мыйзамын кабыл алуу жашоо талабы болуп жатканын айтып, коомдун өзү колдой турганын белгилешти. Талас,Ош,Ысык-Көл жана Баткен облустарынан келген өкүлдөр 10миңден көп добуш чогулта тургандарын билдиришти.

Акылай Рахматулла

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх