Нуржигит Кадырбеков: «Кайын атасы менен келини качан вальс бийлечү эле?»
Тойлордогу жат көрүнгөн көрүнүштөр боюнча өткөн жолугушууда коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков өзүнүн сын-пикирин билдирди
«Кыргыз элинин нукура каада-салттары жыл өткөн сайын өзгөрүп,жаңы көрүнүштөр басымдуулук кылып жатат» Кыргыз элинин нукура каада-салттары жыл өткөн сайын өзгөрүп,жаңы көрүнүштөр басымдуулук кылып жатат-дейт ал.
«Тойлордогу жат көрүнүштөрдү тапан сүйлөгөн тамадалар ойлоп таап, алар коом тарабынан кабыл алынганы өкүнүчтүү» - деди Нуржигит Кадырбеков.
Тойлорго чакырылгандардын санына чектөө салыш керек, элди ашыкча чакырып, көп жандык союп ысырапкерчиликке жол бергендерге айып пул салуу жөндүү болот - деген оюн айтты.
Акылай Рахматулла
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз