Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жамиля Насирова: «Той өткөрөм деп банктан насыя алып, аны төлөй албай асынып өлгөн үй-бүлөну билем»

Тойлордогу ашыкча ысырапкерчилик менен жат көрүнүштөрдү жою боюнча өткөн жолугушууда түрдүү пикирлер айтылды.

«Уулун үйлөйм деп кошунам банктан насыя алыптыр. Той бүтөөрү менен уул-келини Россияга кеткен. Ал жактан урушуп-талашып үй-бүлө ажырашыптыр. Насыяны төлөй албай, бир жагынан алган жары менен ажырашкан жигит асынып өлдү. Ушундай өкүнүчтүү окуялар өтө көп.
Андыктан биз тойлорлогу ашыкча сарптоолорго чек коюп, канча адам чакырылыш керек,канча мал союлушу керектигин так көрсөтүп жазып мыйзам кабыл алышыбыз керек» -дейт коомдук ишмер Жамиля Насирова.

Анын пикиринде эл арасында талкуу жүргүзүп, ашыкча ысырапкерчилик жана каада-салттардын өзгөрүшүнө чек коюп мыйзам чегинде бекитиш керек.

«Той өткөргөн тойкана-ресторандардын кожоюндары Жогорку Кеңеште отурушат. Эми ошол депутаттарыбыз биздин демилгени көтөрөбү же жокпу,маселе ушунда» -дейт Жамиля Насирова. Анткени чоң салтанаттарды өткөрүүдө ал тойканалардын кызыкчылыктары бар дейт ал.

Той-салтанаттарды өткөргөн кафе-ресторандардагы дем алыш күндөрүн жалаң чоңдор,чиновниктер ээлеп алышкан. «Дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби иш күндөрүндө бизге окшогон жөнөкөйлөр той өткөрүп калат экен» -деди ал. Жамиля Насирова өз сөзүндө ашыкча ысырапкерчиликке каршы экенин айтып, байга теңелем деп үй-жайсыз калган ортозаар жарандарды мисал келтирди.

«Каргага теңелем деп каздын буту сыныптыр» - демекчи бай кошунасына атаандашып укмуш той өткөрөм деген карапайым эл тойдон кийинки жашоону ойлобой, башына көйгөй үйуп насыя алып жатат. Андан көрө тойго алып барган кошумчасын үйлонүп жаткан жаштардын билимине, тиричилик буюмдарын алганга жумшаса болмок, - деди Жамиля Насирова.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх