Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БУУнун имаратынын алдында КЭР лагеринде камалып калган кыргызстандыктарды колдоп митингге чыгышты (видео)

Бишкек ШИИБ митингчилерди имаратка киргизип жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү деп билдирет

Бишкектеги БУУнун имаратынын алдына 20 чакты киши чогулуп, Кытай лагеринде жатышкан мекендештерди колдоо иретинде митинг кылышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИБ маалымат кызматы билдирди.

- Митингге чыккандар 20 чакты болчу, - деп тактады милициядан. - БУУнун кызматкери аларга чыгып келип, эки кишини имаратка ээрчитип кирип кетти. Алардын дооматтарын угушту. андан соң митингчилер тарап кетишти.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты бир жума мурун кыргызстандыктардын Сооронбай Жээнбековго жазган кайрылуусун чыгарган эле. Алар Кытайда концлагерде жаткандардын арасында Кыргызстандын да жарандары бар экендигин билдиришкен эле. Кийинчерээк кармалгандардын туугандары КР омбудсменине арыз менен кайрылышкан.

Расмий маалыматтар боюнча, СУАО Кызыл-Суу автономдук окуругунда 160 миң кыргыз жашайт.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх