Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар жаңы жылдан кийин бир жума эс алышат

Бул эс алуулар 2019-жылы боло турган майрамдардын дем алыш күнкүгө туура келип калышынан улам болуп жатат

Кыргызстандыктар 2019-жылы үчтүн айынын биринен жетисине чейин дем алышат, анткени майрам күндөр дем алыш күндөргө туш болуп калат экен. Бул туурасында КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Жумушчулардын дем алыш жана майрам күндөрүн туура пайдалануу максатында, көптөгөн жарандардын суранычы менен КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлиги КР өкмөтүнүн 117 токтомун кайра карап көрүп, жаңы жыл майрамына жылдырды», - деп билдирет андагылар.

Майрамдык эс алуу күндөрү 2018-жылдын 30-бештин айынан баштап 2019-жылдын 2-үчтүн айына чейин болушу керек эле. Бирок эмгек Министрлигинин чечими менен майрамдык эс алуу 2019-жылдын 1-үчтүн айынан баштап 7-үчтүн айына чейин болот. Бул тууралуу 2019-жылдагы майрам күндөрдү жылдыруу долбоорунун токтомунда айтылат.

25-бирдин айындагы дем алыш күн ( 23-бирдин айы Ата Мекенди коргоо күнү ишембиге туш болуп калат) 2-үчтүн айына которулат; 8-чын курандагы дем алыш күн (7-чын куран революция күнү жекшембиге туура келип калат) 3-үчтүн айына которулат; 2-аяк оонадагы дем алыш Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү (анткени 31-баш оона ишембиге туш келип калат) 4-үчтүн айына которулат;

6-бугу айындагы дем алыш ( 5-бугу айы Конституция күнү жекшембиге туура келип калат) 10-бугу айына которулат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх