Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ассоль Молдокматованын автоунаасынын дөңгөлөгүнө шибегени тыгып алышкан

Теле алып баруучу учурда видеобайкоо камерасынын жазгандарын текшерип жатышкандарын билдирди

Кыргызстандын белгилүү теле алып баруучусу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Vesti.kg сайтына бир жума мурун анын автоунаасынын дөңгөлөгүнө шибегени кимдир бирөөлөр тыгып алгандыгын билдирди.

- Биз азыр видеонун көчүрмөсүн текшертип жатабыз, - деп билдирди ал. - ИИМге кайрылдык. Менин жактоочум бил иш менен алек болуп жатат.

Ал ортодо Фейсбук социалдык тармагынан Ассоль Молдокматова төмөнкү маалыматты бөлүштү:

«Бир жума мурун менин автоунаамдын төрт дөңгөлөгүн шибеге менен тешишкен. Биринчи май РИИБ арыз жазганбыз.
Бүгүн арткы дөңгөлөктүн болтторун бошотуп салышыптыр. Эгер кимдир бирөө кокустукту каалап жаткан болсо, убара болбосун. ЖАКТООЧУ ИШТЕП ЖАТАТ. ВИДЕОНУН КӨЧҮРМӨСҮН АЛДЫК!!!

Биз кырсыктын алдын алдык! Түшүнөм, менин айтып жаткан чындыгым кимдир бирөөнүн тынчын алып жатат. ЖАНЫҢ ТЫНЧЫП,ЭС АЛ!!!», - деп жазат Ассоль Молдокматова.

(Орфография жана пунктуация бузулбай берилди.)

Медина Купсулдаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх