Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын өзбек диаспорасынын мүчөлөрү Кадыржан Батыровдун тажиясына барышкан жок

Алардын каза болгон мурунку депутат менен саясий көз караштары келишпейт

Кыргызстандын өзбек диаспорасынын мүчөлөрү мурдагы Кыргызстандын өзбек коомунун лидери Кадыржан Батыровду көмүү каадасына барышкан жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өзбек маданий борборунун жетекчиси Бахтияр Кадыров айтып берди.
Анын сөзү боюнча, бул 2010-жылкы кулжа айындагы тополоңго байланыштуу.

- Биз анын тажиясына барбайбыз, анткени бул адам бизге кайгы муң алып келди биздин элге, - деп түшүндүрдү Кадыров. Канчалаган адамдар өлдү. Эл алданды ага. Анын бийлик үчүн болгон туура эмес күрөшүнүн айынан көптөгөн адамдар жабыркады, азыр да залдары кете элек.


Бахтияр Кадыров диаспоранын башка мүчөлөрү да аны колдошуп, Кадыржан Батыровдун тажиясына барышпайт деп ишенет.

- Өлгөн адам тууралуу жаман айткан болбойт, бирок, ал кылган иштер туура эмес болчу, - деп баса белгиледи ал. - Мен анын карапайым элди көтөрүп маселе чече турган ыкмасы жаккан жок. Диаспоранын жаңы курамы да ошондой деген ойдо.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыров 4-бештин айында Украинанын Одесса шаарында дүйнө салды.

Батыровго карата 2010-жылы кулжа айында Кыргызстандын түштүгүндө массалык башаламандык кылды деген айып тагылган.

Кыргыз Республикасынын Башпрокуратурасы ага эл аралык издөө жарыялаган. 2012-жылы сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх