Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айтматовдун китеби боюнча фильмде ойногон актёрлордун мамлекеттик сыйлык албагандыгы депутатты таң калтырды

Бактыбек Райымкулов өкмөттүн бул кырдаалды оңдоосун деп талап кылды

«Ак кемедеги» кичинекей Нургазынын ролун аткарган актёр бир да мамлекеттик сыйлык алган эмес. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов билдирди.

Эл өкүлү өкмөт Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесинин алкагында Нургазы Сыдыгалиевге сыйлык бериши зарыл деп баса белгиледи.

- Көрсө, Айтматовдун чыгармаларынын фильминде ойноп, сыйлык албаган актерлор да бар тура, - дейт Райымкулов. Мисалы, жакында эле биз Нургазы Сыдыгалиевди айылга алып барып, окуучулар менен тааныштырдык. Ага өмүрүндү бир да жолу сыйлык беришпептир.
Депутат сөзүнүн аягында Сыдыгалиевдин аскерден келгенден кийин скусство жаатында эмгектенгендигин да кошо кетти.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх