Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атасынын артынан бүт үй-бүлө камалды

Диний экстремизмди алдын алуу боюнча өтүп жаткан эл аралык форумда үй-бүлөдөгү кайгылуу окуялар мисал келтирилди

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан келген Саноат Нурматова «Отифа» коомдук уюмун жетектейт.Бул уюм абакта отуруп чыккан кыз-келиндерди социалдаштыруу, бузулган психикасын калыбына келтирүү иштерин алып барат. Саноат Нурматованын айтымында экстремизм беренеси боюнча соттолгондор аялдардын арасында аз. Анткени, бул берене менен көбүнчө эркектер соттолот.

«2000-жылдардын башында динге берилүү Тажикстанда өтө тездик менен өскөн. Үй-бүлө башчысы диндин туура эмес багытына билбей кирип алып, аялын,бала-чакасын кошо аралаштырган. Туугандарын укпай, Сирияга чейин барып согушка да катышып келет. Натыйжада өзү,аялы, 16 жашар өспүрүм баласы да экстремисттик уюмдун катарында тургандыгы үчүн соттолуп кетишти»-дейт Саноат Нурматова.

Мындай мисалдар аябай көп.Көпчүлүк тажикстандыктар эмгек мигранты болуп Россияга барып, капырлар менен күрөшөбүз деген хизб ут-тахрирчилердин катарына билбестиктен кошулуп алышат. Ислам динин каралагысы келгендер социалдык жактан аз камсыз болгондорду гана катарына кошот.Анткени алар акчага муктаж экенин көрүп, каражат берүү менен азгырышат.

Казакстандын «Терроризмге каршы күрөшүү комитети» республикалык коомдук бирикмесинин төрагасы Аманжол Уразбаевтин айтымында Сирияга кетип жаткан казакстандыктардын так санын эч ким айта албайт. Казакстандын коопсуздук комитетинин алдын ала берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 870 казак жарандары террористтик аймактарда жүрөт.Алардын 120сы эркектер, 250сү аялдар жана 500ү жаш балдар дейт Аманжол Уразбаев. Анын айтымында казак жарандары Сирияга 2009-жылдан тарта кетип башташкан. Бирок, 2013-жылдын күз айларында Сирия жана Иракта согушуп жаткандар «Биз Казакстандын жарандарыбыз»-деп өздөрүн тасмага тартып ютуб каналына ачык чыгышкан.

262 казак жараны Сирия,Иракта согушуп каза тапкан. 193ү Казакстанга кайтып келди дейт Аманжол Уразбаев. Өз мекенине кайтып келген 61 эркектин 57синин согуш аракеттерине катышкандыгы далилденип соттолгон.

Согушту өз көзү менен көрүп келген аялдар менен балдарга мамлекеттик бюджеттен атайын акча каражаты бөлүнүп, аларга түрдүү жардамдар менен колдоолор көрсөтүлүп жаткандыгы маалым болду.

Акылай Рахматулла

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх