Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү Министрлиги эмнеге балдардын тамагы түрмөдөгүлөрдүкү менен иттикинен начар экендигин түшүндүрүштү

Каржы Министрлиги мектепке тамак үчүн акча бөлүүдөн баш тартты - акча жок

Илим жана билим Министрлиги интернатта жатып окугандарга күнүнө 60 сомдон көбүрөөк акча бөлдүргөнгө аракет кылып көрүштү, бирок каржы Министрлигиндегилер бербейбиз деп коюшту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына билим берүү Министрлигинин каржылык анализ жана бюджеттик саясат Башкармалыгындагылар айтып беришти.

Кечээ депутат рыскелди Момбеков жыйында №5 Улуттук компьютердик гимназиянын окуучуларынын тамагы КР ИИМдин иттеринин тамагына караганда аз каражат бөлүнөөрүн билдирди.

- Бала бир күндө канча эт, нан жээрин саламаттык сактоо Министрлиги аныктайт, - деп түшүндүрдү саламаттык сактоо Министрлиги. - Өз кезегибизде биз да эсептеп көрүп, күнүмдүк нормага 60 сом кетээрин билдик. Бирок бул 2014-жылы болчу.
Азыр, чындыгында бул акчага эч нерсе ала албайсың.

2017-жылы билим берүү Министрлиги күнүмдүк тамакты 110 сомго көбөйтүп жана каржы Министрлигине бул талапты жөнөткөн. Бирок, андагылар чиновниктердин айтымы боюнча, бюджетте акча жок деп, баш тартып коюшкан.

- Эми бул маселе кайра көтөрүлдү, чамасы дагы кайрылат окшойбуз, - дешти андагылар. - Бирок бул жолу деле беришине көзүбүз жетпейт.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Рыскелди Момбековдун Бишкектин №5 компьютердик гимназиясынын окуучуларына ИИМ иттеринин жеген тамагынын жарымын берет деген сөзүн жазган эле.

- Гимназияда бир баланын тамагына 60 сом бөлүнөт - 10 сомго эртең мененки тамак, 30 сомго түшкү тамак, 20 сомго кечки тамак. Ал эми ИИМдин иттерине 120 сом, түрмөдөгүлөргө 80 сом, - дейт ал .
Билим берүү Министрлиги бул маселени карап көрүүсү зарыл. Балдардын итке караганда начар тамактанышын кандай деп түшүнсөк болот?!

Белгилей кетели, кээ бир маалыматтар боюнча, аталган мектепте Момбековдун баласы менен президент Сооронбай Жээнбековдун кызы окуйт экен.
Мектептин директору Муратбек Касымалиев Vesti.kg сайтына бул маселени көтөр деп депутатка өзү кайрылгандыгын айтты. Мектептин директорунун сөзүнө караганда, окуучулардын курсагы тойбой калат.

- Мен бул туурасында Жогорку Кеңешке жайында эле жазгам, бирок мага күзүндө 2019-жылдын бюджети карала турган маалда кайрыл дешкен, - деп белгиледи ал. Мен жетинин айында кайрылгам, бирок ал убакта бюджетаныкталып калган экен.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх