Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын балдары чет өлкөгө чыгуу үчүн, жалпы жарандык паспорт талап кылынат

Жашы жете элек балдардын Орусия, Казакстан жана Өзбекстанга кирүү үчүн алынчу тактамаларын жойгону жатышат

Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө алынчу тактаманы Кыргызстандын жашы жете элек балдарын Орусияга, Казакстанга жана Өзбекстанга алып кирүү үчүн алышчу, эми аны жоюшат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

- Жаңы мыйзам күчүнө кирген учурдан баштап, балдар аталган өлкөлөргө баруу үчүн жалпы жарандык паспорт алууга мажбул болушат. Мурда бардык өлкөгө бул документсиз эле чыга беришчү, - деп түшүндүрдү андагылар. - Бул балдарды мыйзамсыз алып чыгып кетүүнүн алдын алуу үчүн кылынып жатат. Тактама - бул өтө жөнөкөй документ. Кыскасы, өзгөртүү азырынча токтом долбоору түрүндө болот. Ошондуктан күбөлүк толугу менен жоюлат деп айтууга али эрте.

- Долбоорду бекиткенден кийин, аныгын айтууга болот, - деп белгиледи маалымат кызматы. - алдын ала белгилүү болгон маалыматтарга караганда, бул 2019-жылдын теке айында ишке ашып калат.

Белгилей кетели, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жарандары жалпы жарандык паспорт аркылуу Орусияга кирет деген маалыматты жайылтып жиберген. Элчиликтин маалыматы боюнча, жаңы мыйзам 2019-жылы үчтүн айынын биринде күчүнө кирет.
Кыскасы, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 2019-жылдын аягына чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тактаманы эскиче эле бере берет.

«Ушул себептүү алдын ала кам көрүүңүздөрүдү өтүнөбүз, балдарыңызды чек арадан алып өтүү үчүн жалпы жарандык паспорт алып бериңиз» - деп чакырат элчилик.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх