Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коркок маичилердин милицияда иштегенге акысы барбы?

Машинанын күңүрттөлгөн айнегинен жардам сурап кыйкырган аялга кол шилтеген маичилер жазаланат (видео)

Кандай болгон күндө да укук коргоочуларга карата кызматтык текшерүү башталды. Жардам сурап кыйкырган аялды көрмөксөн болушкан маичилер жазага тартылат.

Борбор шаардын ЖКККБ инспекторуна карата кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Vest.kg сайтына ИИМ ЖКККМБ маалымат катчысы Тилек Оторов билдирди.

- Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат, жыйынтыгына карап түшүндүрмө беребиз, - деп жооп берди.

Андан сырткары, Оторов мындай учурда жол милициясы кандай иш аракетке өтүшү керектигин айтып берди.

- Негизи, инспектор жарандардын бардык арызына жооп кылышы зарыл, - деп белгилейт ал. - Зарыл болгон учурда 102 кызматкерлерин чакырууга милдеттүү же ошол жерде териштирүүсү керек.

Түшүндүрө кетели, кечээ тармакта «ТВ Кайгуул» программасы жарыя болду.

Журналисттер жол милициясынын кызматкерлеринин жин келе турган аракетсиздигин камерага тартып алышкан. Бишкекте маичилер токтоткон терезеси мыйзамсыз күңүрттөлгөн машинанын ичинен аялдын жардам сураган кыйкырыгы угулду. Ал эми машинанын айдоочусу салонда иниси аялы менен урушуп жатат деп ырастады.

ЖКККБ инспектору бир аз турган соң арткы эшикти ачкыла деп суранды. милиционерди көрүп кыз кыйкыра баштады: «Коё бергиле мени! Мен анын аялы эмесмин!». Бирок милиция кызматкери өзүн таң калаарлык кармап, бурулуп басып кетти. Өзү көрүп жаткан көрүнүшкө эч кандай чара колдонгон жок. Андан сырткары, тартип сакчылары ал машинанын айнегиндеги күңүрттөгүчтү сыйрышкан жок.

Эске салсак, Бишкекте жакында эле мындай бир учур болду, көчөдө өтүп бараткандар таксинин ичиндеги аялдын үнүн угуп, кызды таксисттин кучагынан куткарып калышкан.
Кийинчерээк белгилүү болгондой, таксист ал кызды зордуктаганы жаткан экен. Адан сырткары укук коргоочулар аны кармагандан кийин дагы эки жаран анын үстүнөн арыз жазышкан. Анткени алар жарыя кылынган видеодон аны таанып калышкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх