Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын өкмөтү менен парламенти жаңы жылдык үлпөттөн баш тартышты

Мамлекеттик кызматкерлердин мындай сыпайычылыгына эмне себеп болду?

Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин аппараттарынын кызматкерлери жаңы жылдык үлпөт өткөрүүдөн баш тартышты.
Өкмөттүн аппаратынын кесиптик уюдар комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Санжар Исаев Vesti.kg сайтына айтып бергендей, майрамдык кечеден кызматкерлер өздөрү баш тартышты.

- Бизде кызматкерлер арасында сурамжылоо болот, - дейт ал. - Алар майрамды каалайбы же баалабайбы аныктайбыз. Былтыр баары баш тартышкан. Анын үстүнө бизде үлпөттүн акчасын кесиптик уюм төлөйт, ал эми бир бөлүгү кызматкерлердин чөнтөгүнөн кетет. Быйыл деле былтыркыдай маанай го. ошондуктан үлпөттү уюштурууга эч ким баш ооруткан жок.

Ошону менен эле бирге Жогорку Кеңештин да аппарат кызматкерлери майрамдайлы деген ниеттери жок. Бул туурасында Vesti.kg сайтына парламенттин маалымат катчысы Ибрагим Нуракун уулу айтып берди.

- Былтыр да үлпөт болгон эмес. Бул жылы да ошондой эле болот, - деп жооп берди ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх