Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ильзат Ахметов: Мен Кыргызстанды сатканым жок. Тескерисинче мекенимди даңтагым келет

Кыргызстандын тургуну, москвалык ЦСКАнын футболчусу Бишкек ага Орусияга караганда жүрөккө жакын экендигин билдирди

Кечээ орусиялык футболчулардын youtube-шоу «КраСава» деген кезектеги чыгарылышы болду. «Культ тура» берүүсүнүн алып баруучусу «Матч ТВ» телеканалынын футбол баяндоочусу Евгений Савин катышты. Берүү Кыргызстандын тургуну, москвалык ЦСКАнын жарым коргоочусу Ильзат Ахмедовго арналды.

Ал Савиндин «Сага өз өлкөңдү орусиянын жарандыгына алмаштыргандыгың тууралуу бир да жолу жазышпадыбы?» деген суроосуна, менин кылган иштеримдин бардыгы өз өлкөмдүн жыргалчылыгы үчүн деп жооп берди.
«Албетте, жазышты. Сен тууралуу жаман сөз айтса ыза болосуң да. Бирок мен муну көңүлгө деле албайм, анткени алар кырдаалды билишпейт да. ошондуктан мен аларга таарынбайм. мен сатканым жок. тескерисинче, мен туулуп өскөн жеримди даңктагым келет», - деди Ахмедов.

Ошону менен бирге ал алып баруучунун: « Кайсы шаар коозураак - Бишкекпи же Москвабы?», деген суроосуна «Бишкек жүрөккө жакын» деп жооп берди.

Эске салсак, бештин айынын алтысында Ильзат Ахмедов 202 упай топтоп, «Биринчи бешилтик» сыйлыгынын лауреаты болуп калды. Сыйлык Орусиянын балдар вутбол лигасынын элесине арналган жана «Лукойл» спорттук клубунун өнөктөштүгү тарабынан Орусиянын Премьер-Лигасында ойногон эң мыкты жаш оюнчуга берилди.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх