Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиянын Красноярск шаарында өткөн балет боюнча «Сибирдин Гран-при» конкурсуна жалгыз кыргызстандык Фарух Садыркулов катышты

 Жаш бийчилер арасында 2-орунду жеңип келди

« XXI кылымдагы балет» V Эл аралык форум , чыгаан хореограф Мариус Петипанын 200-жылдыгына арналып балеттеги абройлуу таймаш болду. Ноябрдын ортосунда болуп өткөн конкурска Кыргызстандын атынан А Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жаш таланттуу бийчиси Фарух Садыркулов жалгыз катышып байгелүү кайтты. Россиядагы балет боюнча таймашка дүйнөнүн он бир мамлекеттен мыкты бийчилери катышып үч категорияда кызуу таймаш болду

Башкы байге Гран Прини мелдештин ээси Д А Хворостовский атындагы Красноярск опера жана балет театрынын башкы солитсти Георгий Болсуновский ээлесе биринчи премияны Москвалык бийчи Юрий Выборнов алган Андан кийинки эле экинчи премияны Фарух Садыркулов менен Япониялык бийчи Шота Онодера алышты

Бирок, анын ийгилигин өзу иштеген опера балет театры жана КР Маданият Министрлиги дагы көрсө да көрмөксөн болушту. Бул Фарух Садыркуловдун эл аралык мелдештердеги алгачкы ийгилиги эмес. Буга чейин дагы кыргыз балетинин намысын татыктуу коргоп кедлет. Бул жолку жеңиш дагы оңой келген жок. Анткени, Россия, Германия, Япония сыяктуу балеттеги мыкты мамлекеттердин бийчилери команда менен катышса, Кыргызстандык бийчи жалгыз чыкканына карабай, башкы орун үчүн татыктуу таймашты.

Учурдагы бийчибиз Фарух Садыркуловдун ийгилигин маданият министрдлиги баш болуп, көз жазыдымында калып, бир дагы журналист кубанып кабар жазган жазбай олтурган чакта, аны Испанияга гостролго чакырып, чет элдиктер ага кызыгуусу артууда. Бийлик башындагыдар театрга кирбеген заманда маданияттын ээлери эмес, мушкердердин жениши маанилуу болгон заманда жашап жатканыбыз өкүндүрөт. Эгер мамлекет дагы таланттуу жаш бийчиге көңүл бурганда балким башкы орунга чыкмак. Таланттуу бийчини Казахстандыктар канча жылдан бери чакрыса дагы, кыргыз намысы деп Мекенин алмаштырбай жаткан таланттуу жаштарга качан көңүл бурулат.

Айтмакчы, балет өнөрүнүн сүйүчүлөрүнө Садыркулов деген ысым жакшы тааныш. Анткени Фарухтун атасы Досмат Садыркулов дагы канча чет элдик белгилүү театрлар чакырса барбай Кыргыз опера балет театрынын жүзү болгон мыкты бийчи. Тилекке каршы, 30 жылдан бери сахнанын көркүн ачкан Досмат Садыркуловго дагы али күнгө чейин эл артисти наамы берилбей, маданиятта жулунбай көмүскөдө калып, зор эмгек кылып унчукпай иштеген аз адамдардын бири.

Шамил Жалилов

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх