Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ассоль Молдокматова жеке жансакчы жалдашы мүмкүн

Анын машинасын бузуп кетишкен жаман адамдар табыла элек

Жакында эле кыргыз теле алып баруучусу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова коомчулукка анын маинасынын дөңгөлөгүн жарып кетишкенин билдирди эле.

АссольАбдыкалыевна Vesti.kg сайтына белгисиз бирөөлөрдөн коркуп жаткандыгын билдирди.

- Өткөндө бир күнгө учуп келгем, СТОдон джипимди алып келишти, - деп эскерет теле алып баруучу. Эртең менен отурдук. Түндөсү дөңгөлөктөрдүн бардык он болтун тең чыгарып салышыптыр. Караңгыда бирөө муну толук кыла албай кетип калыптыр. Мунун баары таң калыштуу. Бир туруп болтторду чыгарса, бир туруп актай кат келет. Бул нерсеге көңүл бурчу мезгил келди го дейм. Анын ким экендигинен биздин үч түрдүү шегибиз бар.

Ошону менен бирге Ассоль Молдокматованын жактоочусу устам Абдурауфов анын ким экендигин биле албадык, анткени ал кылмышты караңгыда кылган деп белгиледи Vesti.kg сайтына.
- Видеонун көчүрмөсү алынды, - деп эскертет юрист. Жетинин айынын жыйырма тогузунда машинанын төрт дөңгөлөгүнө тең шибегени тыгып алып кетишкен. Мунун баарын тарткан сүрөттү экспертизага бердик. Ал эмне болгон шибеге экендигин аныкташсын. Бул биринчи иш. Ал боюнча кылмыш иши козголду.

Абдурауфов бул биринчи эле жолу болуп жатпагандыгын билдирди.

- Үчтүн айынын төртүнөн бешине караган түнү автомобилдин төрт дөңгөлөгү тең чыгарылып калган, - дейт ал. -Учурда муну кылган адамды адистер издеп жатышат. Азырынча таба албай жатышат, анткени ал ишти караңгыда кылган. Эгер ким экендигин таба алышпаса, колубуздан эчтеке келбей калат. Видеожазууда ал адамдын дөңгөлөктү чыгарып жатканы көрүнбөйт. Чамасы, анын бетин аныктоого мүмкүн болбойт окшойт. Ал жаман кишилердин максаты коркутуу же бир кокустук жасоо болгон.

Теле алып баруучунун жактоочусу Ассоль Молдокматова жансакчы жалдайт окшойт дейт.

- АссольМолдокматованын ЖМКга кайрылуусу коопсуздук максатында болчу, - деп белгилейт ал. - Менимче ага жеке жансакчы жалданат. Андан сырткары коопсуздук үчүн белги берүүчү жабдуу орнотулат, ага кошо камера тартат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх