Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери: Мындай кишилер милицияда таптакыр иштебеши керек

Асия Сасыкбаева ИИМ жетекчилери жардам сурап кыйкырган кызга жардам бербей койгон маичиге жеңил жаза берип койду деп эсептейт

 Кайгуул милициясынын кызматкерлери жардам сурап кыйкырган аялды көрмөксөн болгондугу үчүн жумуштан бошобой, болгону ээлеген кызматынан бошогондугу тууралуу жаңылык коомчулуктун кыжырын кайнатты. ИИМдин маалымат кызматы Vesti.kg сайтына билдиргендей, өдөрүнө таандык эмес кызматтык мидетти аткарбагандыктары үчүн жазаланган маичилерди учурда жаңы кызмат күтүп турат.

 -Алар автоматтык түрдө кадрлар карамагына өтөт. Аларды кандай кызматка дайындашаары али белгисиз, - деп түшүндүрүштү ички иштер Министрлигиндегилер.

 Мындай чара өтө эле жеңил болуп калды дегендердин арасында мурдагы Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева  да бар, ага Vesti.kg сайты комментарий үчүн кайрылды.

Анын ою боюнча, мындай кызматкерлерди ички иштер органынан таптакыр айдоо керек. – Ошондо туура болот, - дейт Асия Айтбаевна. – Мындай кишилер ички иштер органында таптакыр иштебеши керек. Эгерде мындай кызматкерлер милицияда иштесе, анда биз коркунучтабыз. Алар көз көрүнө кызды кармап турган кишиге каяша айта алышпады. Бул деген ал милициянын кесипкөй эместигинен кабар берет.

 Андан сырткары, ИИМ ЖКККМК ал болгону үй бүлөлүк чыр экен деген билдирүсүнө парламенттин экс-вице- спикери макул эмес. – Мейли, үй бүлөлүк талаш тартыш болгон күндө да бир ооз сөз айтып коюшу керек болчу, - деп баса белгилейт Сасыкбаева. Эмне эми үй бүлөдө өлтүрүп, союп жатса да үндөбөш керекпи? Мына ушунун айынан балдар менен аялдарга болгон зомбулук азайбай жатат. Укук коргоо органдары муну көрмөксөн болушуп, жоопкерчиликтен качышат.

 Эске салсак, кечээ ИИМ маалымат кызматы Бишкек ИИМБ ЖКККМК инспектору ээлеген кызматынан бошотулду деп билдирген. Андан сырткары жол кайгуул милициясынын 9 кызматкерине катуу сөгүш берилген.

 Зулайка Эркимбаева

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх