Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көзү азиздер жана дүлөйлөр коому укук коргоочуну сотко берет

Мындай чечим Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун чогулушунда кабыл алынды

Майыптар коомунун  төрагасы Марат Ташбаевдин айтымында республика боюнча 9760 адам бир нече даражадагы майыптыгы менен коомдун мүчөсү болуп саналат.

«Тилекке каршы,акыркы окуялардан улам биздин коом бир нече топко бөлүнүп калды.Айрым укук коргоочулар майыптардын жашоосу менен көйгөйүн түшүнбөй туруп, коомго аралашканы аз келгенсип,майыптар коому алып барган иштерге негизсиз кийлигишип жатышат. Ошондуктан биз 2018-жылды жыйынтыктап жатып 200дөй жаран чогулган чогулуш өткөрдүк»-дейт майыптар коомунун төрагасы Марат Ташбаев.

Буга чейин ЖК депутаты  Дастан Бекешев тарабынан майыптар коомунан мыйзамсыз батир алгандар туурасында сотко кайрылуулар болуп, ал маселе укук коргоо органдары тарабынан текшерилип, соттун чечимдери чыккан. Ага карабай,араздашуулар менен түшүнбөстүктөр ошол 2016-жылдан бери уланып келе жатканын коомдун төрагасы Vesti.kg ге билдирди. Марат Ташбаевдин айтымында майыптар экиден батир алды деген дооматтар чындыкка дал келбейт. Анткени, союз маалынан бери жатаканада жашашкан майыптар бала-чакасынын чоңойгондугуна байланыштуу үй-шартын кеңейтүү максатында мамлекеттен бекер турак-жай алышкан.

Бишкекте курулган көп кабаттуу жаңы үйлөрдөн ушул көзү азиздер жана дүлөйлөр коомуна 225 батир берилген. Анын арасында майып эмес 8 жаран бекер батирге ээ болгон. Мындай чечимди Марат Ташбаев коомдун 2008-жылы кабыл алган жобосуна ылайык майыптар менен чогуу иштеп,жардам кылган соо адамдардын 10 пайызы да алат деген расмий документ менен түшүндүрдү.

«Бекер батир алган 8 жаран майып эмес болсо да көзү азиздер менен дүлөйлөр коомуна жардам берип,көп жыл иштеп жүрүп  батир алды. Бул 10 пайыз эмес,4 эле пайыз болуп жатпайбы. Мурда,союз маалында биз менен иштеген дени-карды соо адамдар 45 пайыз болчу»-дейт Марат Ташбаев.

Ошондой эле учурдагы оор абалды айткан төрага, алынган батирлерди майыптар менчиктештире албай кыйналып жатканын кошумчалады.

«Өкмөттөн майыптар коомуна угуучу аппарат жана  көзү азиздер үчүн таяк менен плеер берилип турат. Андан сырткары майыптарга керектелчү буюм-терим алыш үчүн мамлекеттен атайын акча каражаты бөлүнөт. Өкмөттөн түз коомго берилчү каражаттарды эми социалдык өнүгүү министрлиги аркылуу берүү демилгесин укук коргоочу Калича Умуралиева көтөрүп, майыптар коомуна аралашып жатат.Бул туура эмес. Соо адам майыпты түшүнөбү?»-деп суроо салды көзү азиз майып Темирлан Ормуков.

Анын сөзүн, « Президенттин 243-жарлыгы менен 2001-жылдан бери Жогорку Кеңеш бекитип, Каржы министрлиги берет ал каражатты»-деп тастыктады коомдун төрагасы Марат Ташбаев.

Калича Умуралиева көтөргөн маселенин тегерегинде бир нече талкуулар болуп, майыптар коому Социалдык өнүгүү министрлиги менен жолугуп сүйлөшкөн. Көзү азиз  Темирлан Ормуковтун айтымында кандай аппараттарды алыш керектигин майыптар коому жакшы билет. Социалдык өнүгүү министрлигинде майыптар менен иш алып барууда 10дон кем эмес кызматкер иштеген атайын башкармалык болуш керек деп эсептейт ал. 

Vesti.kg нин кабарчылары Калича Умуралиева менен байланышып иштин чоо жайын сураганда, укук коргоочу майып коому аны сотко берээринен кабары бар экенин айтты.

«Темирлан Ормуков өзү айткан мага сотко берем деп. Ормуковтун кадыр-баркына шек келтирсем, анда сотко бере берсин.Майыптар коомунун жобосун өздөрү бузуп батир алышты. Турак-жайга муктаж эместер мамлекеттен бекер үй алууга укугу жок деп жазылган коомдун жобосунда. Коомдун мурунку төрагасы Калык Мамбетакуновдун кабылдамасында отурган катчы Белоусова өзү жашаган батирин баласына белекке берип, майыптар менен кошо бекер батир алды.Алардын жобосунда батирге муктаж эместерге берилбейт деп жазылган. Майыптар коому мага чейин эле эчак бир нече топко бөлүнүп кетишкен.Мен коомго таарынгандардын укугун алардын ишеним катынын негизинде коргоп жатам. Дастан Бекешов башында турган топтун аныктамасы,каржы полициясынын коомду айыптаган корутундусу жана бул маселелерди караган Ленин райондук сотунун чечимдери  менин колумда турат. Мамлекеттик кызматтагыларга караганда майыптар коомунда коррупция чектен чыкты»-дейт Калича Умуралиева.

Vesti.kg нын «Ормуковдун айытымында сиз коргоп жаткан майыптардан 15 миң сом алыпсыз. Ушул чынбы? Чын болсо канча адамдын укугун коргоп жатасыз?»-деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди.

«Ормуков мен алган 15 миң сомду далилдеп берсин. Мен 40тай майыптын укугун коргоп жатам.Ал үчүн майыптардан эч нерсе сураган жокмун. Алар таксиге акча беришет, ишканама тамак көтөрүп келишет. Не, албайм деп тамакты ыргытып жиберейинби? Майыптардын укугун коргогондон кийин кимден канча акча алаарымды, мүмкүн миллион алаттырмын,алардын иши болбосун.Майыптар коому 100 доллардан адвокатка акча чогултуп жатканын мен айтып чыккан жокмун. Анткени, далилдөөчү негизим жок. Ормуков сотто мени уят сөздөр менен сөктү.Ага карабай элге жардам берүү менин милдетим деп эсептейм. Анткени, мага кайрылган майыптар коомдогу коррупциялык схеманы таап чыгышкан»-деди Калича Умуралиева.

Vesti.kg сайты көзү азиздер жана дүлөйлөр коомундагы тирешүүлөр туурасында дагы кабарлайт.

 Акылай Рахматулла

 

 

.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх