Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Кытайда туугандары камалып калган кыргыздар ТИМге барып, КЭР жетекчилигине арызданышат

Көйгөй кайра тарбиялоо лагеринде жаткандардын Кыргызстандын жараны эместигинде болуп жатат

Кытай лагеринде камалып жаткандардын туугандары жана Кытай кыргыздарын колдоо Комитетинин өкүлдөрү өз арыздарын Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлигине алып барып тапшырышат.

Мурда алар маалымат жыйынында туугандары менен байланыштын үзүлгөндүгү тууралуу билдиришкен болчу. Алар омбудсмен Токон Мамытов менен да жоолугушкан, ал өз кезегинде алардын КЭРде жоголгон туугандарына жардам көрсөтүүгө убада берген.

Бирок, алардын айтымында, көйгөй алардын КЭР жарандары болуп жаткандыгында. Башкача айтканда Кыргызстан чет элдик жарандарды кытай лагеринен бошотуу талабын коюуга юридикалык жактан укугу жок.

Эске салсак, камалган кыргыздардын туугандары жана КЭРден келген кайрылмандар президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңешке жардам сурап кайрылышкан. Парламенттин тышкы иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети бул маселени жабык режимде талкууга алышты.

Толкун Сагынова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх