Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 50 миң киши чыга турган митинг тууралуу баракчалар таркатыла баштады (сүрөт)

Иш чара ордо калаабыздын Горький атындагы аянтында болот имиш

Бишкекте жарандарды Горький атындагы аянтка курултайга чакырган шектүү баракчалар пайда болду. Иш чара бештин айынын жыйырмасы же жыйырма биринде «Таза оппозициялык кыймыл» дегендер тарабынан уюштурулмакчы. Эгерде баракчаларга ишенсек курултайга 50 миң адам келиши керек.

«Таза оппозиционерлер кыймылы» өкүлдөрү курултайда чогулгандар Кыргызстандагы коррупционерлерди тазалоонун армян вариантын колдонуу ыкмасын талкуулашат деп билдиришет.

Чогулуштун катышуучулары ууру чиновниктердин ордуна өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын коюуну көздөшөт. Ошондой эле, чогулгандар укук бузган бийик даражалуу адамдарды люсирация кылуу тизмесин түзөөрү белгилүү болду. Алардын мүлктөрүн конфискациялоо сунушталат, ал эми коррупционерлердин өздөрүн болсо алыс жакка кетирип жиберишет.

Толкун Сагынова
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх