Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ министри Терексайлыктардын талабын карап чыгуу убадасын берди

Министр Кашкар Жунушалиевтин Чаткалдын Терек-Сай айыл аймагынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда коюлган талаптарга көңүл бөлүнүп,маселе каралат деп убада берди

Бүгүн 17-декабрь күнү Ички Иштер Министри Чаткал районунун Терек-Сай айылынын жашоочулары менен жолугушуу өткүрдү. Ал жыйынга 3-декабрь күнү Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан камакка алынган 15 баланын ата-энеси жана туугандары катышты.

Терексайлыктар балдардын күнөөсү бар экенин моюнга алып, мыйзамды билбегендиктен жаштык менен ошол окуяга кириптер болушканын айтышты.
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Болот Аширбаев менен камакта жаткан балдардын туугандары кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү жагын карап берүүсүн министрден өтүнүштү. Терексайлыктардын айтымында камактагылардын арасында айылдыктарга иш орундарын түзүп берген ишкерлер да бар.

Кашкар Жунушалиев балдардын баш коргоо чарасын кароо сот тарабынан чечилээрин айтып, терексайлыктардын кайрылуусу сөзсүз түрдө каралаарын билдирди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрь күнү Чаткалдагы Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан түркиялык «Эти Бакыр» кен казуучу компаниясынын алдында ишкананы кайтарган атайын багыттагы кызматкерлер тарабынан жылкысын издеп жүргөн жергиликтүү тургун сабалган. Ага жооп катары жоон топ балдар келип ал кызматкерлерди ур-токмокко алышкан.

4-декабрь күнү Жалал-Абад областтык милициясы 15 баланы камакка алган. Эртеси эки күн катары менен терексайлыктар митингге чыгып, Түркиялык компаниянын жабылышын талап кылышкан.

Азыр кармалган балдар Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу тергөө жайында камакта отурушат.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх